Добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы. Алты партия алдыда

Бүгүн, 5-декабрь саат 11:30га карата кол менен 99.96% добуш саналып бүтүү. Жалпы 2493 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралган. Учурда бир гана шайлоо участогу калууда.

БШКнын маалыматына ылайык, ушул тапта 17, 31% менен «Ата-Журт Кыргызстан», 13, 63% «Ишеним», 11 % жыйынтык менен «Ынтымак», 8, 33 пайыз менен «Альянс», 7, 03 %да, «Бүтүн Кыргызстан», 6, 15 пайыз көрсөткүч менен «Ыйман Нуру» партиялары алдыда. 

Расмий жыйынтык шайлоо өткөндөн кийин 20 күн ичинде жарыяланат.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Боршайкомдун маалыматында добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болгон. Бирок добуш берүү соңуна чыккандан кийин мекеменин жыйынтык чыгарган онлайн системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*