897 млн сомдук карызды жашырган. Башкы прокуратура электр тармагындагы коррупцияны аныктады

Иллюстративдик сүрөт

Башкы прокуратура электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

Мекеменин бүгүн, 6-декабрда тараткан маалыматына караганда, “Ошэлектр”, “Жалалабатэлектр”, “Чыгышэлектр” жана “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомдору менен ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Алар 2016-2020-жылдары 897 млн 288 миң 500 сомдук электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкан. Тактап айтканда, аталган мекемелер абоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөй, карыздардын орду толтурулган эмес.

“Башка учурларда сотко доо арыздар берилип, бирок сот аткаруучулардын карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, негизсиз түрдө карыздарды эсептен бошотуп жиберишкен. Ошондой эле жогорудагы жооптуу кызматкерлер коррупциялык кызыкчылыктарын көздөп, өздүгү такталбаган, аталган даректе жашабаган, же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен”, -дейт Башкы прокуратура.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336- беренеси (“Коррупция”) менен төрт кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*