Ар бир бешинчи депутат айым болот. Алар кимдер?

Т-Медианын коллажы/Наргиза Анарбай кызы

Жогоку Кеңештин жетинчи чакырылышына 18 аялдын депутат болушу күтүлүүдө. Учурда БШК добуштардын 99,96 пайызын санап бүттү. Алдын ала жыйынтык боюнча 5 % босогодон алты партия өткөн.

Аял депутаттарга көп добуш алганына карап эмес, 30 пайыздык гендердик квотанын негизинде мандат берилет.

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 3-пунктуна ылайык, бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун жазылган.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 15 депутат келет. Алардын бешөө айымдар: 

Жылдыз Садырбаева — аялдар арасында эң көп добуш алгандардын катарында. Садырбаеваны 7949 шайлоочу колдоп берген. Болочок депутаттын кесиби медик. Ачык булактарда «Жылдыз-Фарм» компаниясынын жетекчиси, 2009-жылдан бери дары-дармек саткан «Фармамир» ишканасынын ээси катары көрсөтүлгөн. 24.kg  басылмасынын «Фармацевтикалык бизнес. Кыргызстандагы эң чоң аптекалар кимге таандык» материалында Садырбаева ээлик кылган ишкана дарыканалардын саны боюнча алдыда турган.

Жамиля Исаева — 13 жыл ЖЧКларда бухгалтер болуп иштеген. 2014-2019 — жылы Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун эксперти, 2019-2021-жылдары Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары болуп дайындалган.

Надира Нарматова — 1995-2002 — жылдары «Мөл Булак»,  2002-2010-жылы кийим тигүүчү жеке ишкананын жетекчиси болгон. «Мээримбек» кайрымдуулук фондунун президенти. 2010-2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты. 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» партиясынын мүчөсү болгон.

Камила Талиева —2007-жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген. 2008-2009 — Өкмөттүк аппараттын уюштуруу жана региондук мониторинг бөлүмүнүн эксперти, 2010-2012 — жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына «Ар Намыс» партиясына депутат болгон. 2012-2014 — Вице-премьер-министр. 2014 -жылы Маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген. 

Гулшаркан Култаева — 2016-2021-жылдары «Мекеним Кыргызстан» партиясына Ош шаардык кеңешине депутат болуп келген. Ал ошондой эле 2021-жылы «Мега доставка» компаниясында директордун орун басары деп көрсөтүлгөн.

«Ишеним» партиясына 12 мандат тийсе, анын ичинен төртөөнү аялдар алат.

Жылдыз Таалайбек кызы — бул талапкер 31 жашта. Ачык булактарда Таалай Куткаев атындагы кайрымдуулук фондунун төрайымы катары көрсөтүлгөн. 

Миргүл Темирбаева — «Сырма Текстиль-Бишкек» ишканасынын директору катары көрсөтүлгөн. 

Айсара Абдиева —  Экономист катары белгилүү. Учурда  «Аксы Азыктары» айыл чарба кооперативин директору деп көрсөтүлгөн. 

Чолпон Султанбеква — саясатка жолдошу Баяман Эркинбаевдин өлүмүнөн кийин келген. 2010-жылы «Республика» партиясынан  Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.  2011 — жылы ЖКнын Жаштар саясаты, дене тарбияны өнүктүрүү жана спорт боюнча комитетинин төрайымы, 2012–2013 — Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, 2012 — «Республика» фракциясынын жетекчисинин орун басары, 2013-2015 — Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары болгон. 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынан мандат алган. 2016 — 2018-жылдары Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болгон. Ошондой эле Султанбекова, нан жана кондитердик азыктарды чыгарган «Палван», баалуу металл казган «Соломон плюс» бут кийим чыгарган «K and K» жана соода менен алектен «Баяман Баатыр», «Баява» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири, «Алмаз» ачык акционердик коомунун жетекчиси.

«Ынтымак» партиясы 9 мандат алса, анын ичинен үчөө айымдар:

Шарапаткан Мажитова — буга чейин «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал ишкерлик менен алектенет. Мажитовага жүргүнчү ташыган «Ажы Акпар», май кучу «Абдымажит Ажы Ата», кен казган «Алтын-Булак компани», курулуш менен алектенген «Модерн Стиль», көмүр казган «Эр-Ислам», «Джаунг Хва Майнинг Сары-Бээ» соода-сатык менен алектенген «Кыргыз жаңгак» аттуу жалпы жети ишканага ээлик кылат. Мажитова андан сырткары «Асыл Аманат демилгеси», «Энелер соту», Кара-Суу базарынын жеке ишкерлеринин «Ишкер» коомдук бирикмесин жетектеп келет.

Аида Исатбек кызы—  30 жаштагы талапкер «Нурс Мебель» ЖЧКсын жетектейт.

Лейла Лурова —  жеке ишкер жана Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Ренспублика» партиясы менен катышкан. Ошондой эле, Лейла Лурова «LBS milk production» жоопкерчилиги чектелген коомун ээлеринин бири.

«Альянстагы» 7 мандаттын экөө аялдарга тиет.

Гүлкан Молдобекова —  КСДП партиясынын мурунку депутаты. Былтыры жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. 

Нилуфар Алимжановабул талапкер жөнүндө Улуттук статистика комитенинин башкы адиси болуп иштей турганы гана белгилүү.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы дагы 6 мандатынынын экөөнү аялдар алат.

Орозайым Нарматова — 27 жашта, активист, «Мекенчил» партиясынын мурдагы теңтөрагасы жана президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы. Ал «Жаштар коому» коомдук бирикмесин жетектейт.

Гуля Кожокулова — 1992-2003-жылдары Бишкек шаардык прокуратурада бөлүм башчы, 2003-2007-жылдары Башкы прокуратурада бөлүм башчы, 2007-2008 — Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2008-2011 — жылдары Ленин районунун прокурору болуп иштеген.

«Ыйман нуру» партиясынын 5 мандаттынын экөөнү аял киши алат.

Динара Ашимова — буга чейин 2015-жылы Демократиялык партиядан депутаттыкка талапкер болгон. 1997-жылдан бери ички иштер органдарында жана прокуратура органдарында иштеген. Ошондой эле «Укуктук колдоо борбору» жоопкерчилиги чектелген коомунун, улуттук ат эрөөлдөрү боюнча федерациясынын, «Иш-аракет» саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Винера Раимбачаева— Сокулуктагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун акушеркасы деп көрсөтүлгөн.

Мыйзамда «ар бир партиядан парламентке өткөндөрдүн 30 пайызы аял болушу керек» деген норма бар. Ал эми бир мандаттуу округдарга бул мыйзам каралган эмес. 

Бир мандаттуу округдардан катышкан 20 талапкер аялдын бири да жеңишке жетпей калды. Аял талапкерлердин эң көбү Ысык-Көл облусуна туура келет. Бул аймактан 10 аял шайлоого катышты. Калган аймактарда үчтөн, төрттөн туура келет. Ал эми Таласта өнөктүккө катышкан аялдар таптакыр жок.

Жыйынтык: Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышында айымдар эркектерге караганда 5 эсе аз болот. 

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*