Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары шайланды

Кара-Суу шаарындагы №5269 шайлоо участогу. Сүрөт: Т-Медиа/ Нургелди Каныбек уулу

Ошто Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтүп, 31 мандаттын 20сын «Биздин Кыргызстан», 11ин «Эл үмүтү» партиясы алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. 

Мекеменин маалыматына караганда, эки партия тең жети пайыздык чектен өткөн.

28-ноябрда парламенттик шайлоо менен бирге айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Боршайкомдун маалыматында Кара-Сууда добуш берүүгө укуктуу 12 миңден ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 29,82 пайызды түздү.

БШК Кара-Суудан тышкары Жалал-Абаддын Кербен шаардык кеңешине,  Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине шайлоо өтүп жатканын кабарлады.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*