Кара-Сууда жол кырсыгынан үч адам каза болуп, төрт киши жаракат алды

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолундагы жол кырсыгы

Кара-Суу районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 15-чакырымында (Баш-Булак айылы) жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты. Бул тууралуу «Т-Медиага» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Мая Шаимкулова билдирди.

Кырсык кечээ, 6-декабрга караган түнү болгон. Honda CR-V жана «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Каза тапкандардын бирөө эркек, экөө аял. Дагы төрт адам Ош облустук ооруканасына жаткырылды. Учурда кырсыктын себептери иликтенип, каза тапкандардын жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.

Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат. 16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан 10 адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Эки ай мурун Таластагы аварияда тогуз киши набыт болгон.

Ош аймактык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, облуста  быйыл жыл башынан бери (он айдын ичинде) 660 автокырсык катталып, андан 102 адам каза болду. Арасында балдар да бар. Дагы 1157 адам жаракат алды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны сегиз миңден ашык.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*