
Коронавируска каршы ыкчам штабдын 6-декабрдагы маалыматына ылайык, вируска 42 адам чалдыкканы расмий аныкталды:
- Бишкек — 26;
- Ош шаары — 1;
- Ысык-Көл облусу – 5;
- Баткен облусу — 2.
Талас, Ош , Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында коронавирус жуктургандар катталган жок. Ушуну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы — 183 649 адам коронавируска чалдыкты.
Акыркы суткада коронавирустан дагы эки адам көз жумду, алар эмдөөдөн өтпөгөнү айтылды. Оорудан каза болгондордун жалпы саны – 2760 адам.
Ооруканада 373 бейтап, ал эми 382 адам үйүндө дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий