Президент: жаңы жылдан тарта дыйкан менен фермерлер жер салыгынан бошотулат

Президент Садыр Жапаров «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъектилерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Аталган жарлык дыйкандарды 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотот.

«Министрлер Кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин», — деп айтылат жарлыкта.

Жарлык тууралуу президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына да билдирүү жазды. Мындай чечим дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдик берүү жана дыйканчылыкты колдоо максатында кабыл алынганы белгиленген. Президенттин айтымында, жаңы жылдан тартып дыйкан-фермерлерге 6% жылдык үстөгү менен насыя бериле баштайт.

«2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан сырткары келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк алты пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз. Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер — айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. “Айыл банк” жана “РСК банк” менен тыгыз иштей баштаңыздар. Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек», -дейт президент.

Аны менен катар жылдык кирешеси 8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктын бардык түрүнөн бошотулганы айтылат маалыматта.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*