Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,8 млрд куб метрге чейин азайды

Сүрөт: Акчабар

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. кубдук чектен ылдый түштү. 

«Улуттук энергохолдинг» компаниясына караштуу «Электр станциялары» ишканасынын 6-декабрга карата маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө 10 млрд. 897 млн. куб суу бар. Суунун келиши секундасына 166 метр куб, сарпталышы 391 метр куб болуп жатат.

2019-жылдын ушул мезгилинде суу сактагычта 16,1 млрд. куб метр, 2020-жылдын ушул мезгилинде 13,5 млрд. куб метр суу бар болчу. Башкача айтканда, 2021-жылдын көрсөткүчү алардан 4-5, же 2-3 миллиардга аздык кылууда.

Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан өлкөдө энергетикалык кризис күтүлүп жатканын энергетиктер эскертип келет. 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган. Ал эми калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн мурдагыдай эле 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөй турган болгон.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон 110 518 кожолукка электр жарыгынын баасын 50 тыйынга түшүрүү тапшырмасын берген. Калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт. Бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес.

Автор Т-медиа 11442 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*