Добуштар кол менен 100 пайыз саналып бүттү. Жыйынтык кандай?

Шайлоодогу добуштарды кол менен саноо толук аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.

Жыйынтыгында беш пайыздык чектен 6 партия өткөн.

Алар:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 17,30 пайыз, 15 мандат;

«Ишеним» — 13,63 пайыз, 12 мандат;

«Ынтымак»  — 10,99 пайыз, 9 мандат;

«Альянс»  — 8,34 пайыз, 7 мандат;

«Бүтүн Кыргызстан» — 7:04 пайыз, 6 мандат;

«Ыйман нуру» — 6,15 пайыз, 5 мандат.

Расмий жыйынтык шайлоо өткөндөн кийин 20 күн ичинде жарыяланат.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Боршайкомдун маалыматында добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болгон. Бирок добуш берүү соңуна чыккандан кийин мекеменин жыйынтык чыгарган онлайн системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*