Элчилик: Москвада поезддин алдына боюн таштаган жигитке операция жасалууда

Москвада поездин астына боюн таштаган жигитке операция жасалууда. Учурда элчиликтин кызматкерлери ооруканада.

Окуя бүгүн, 7-декабрда «Первомайская» метросунда болгон. Ал 22 жаштагы «Н. уулу С.» аттуу Кыргызстандын жараны болгон.

«Элчилик себептерин жана жагдайларын тактап жатат. Ага Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалууда. Керектүү жардам көрсөтүлөт», — деп айтылат Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан маалыматта. 

Буга чейин Орусиянын бир нече басылмалары жигит поезддин келишин күтүп, жакын калганда секиргенин, натыйжада станциядагы бардык метролордун кыймылы токтотулуп, өзү ооруканага жеткирилгенин жазышкан болчу.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*