Коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алды

Бүгүн, 7 — декабрга карата COVID-19 илдети 63 кишиден аныкталды. Ошол эле учурда 59 бейтап айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, вирустан эмдөө албаган дагы эки бейтап каза болду. 

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 21;

Ош шаары — 1;

Чүй облусу – 24;

Ош облусу – 4;

Ысык-Көл облусу – 7;

Жалал-Абад облусу – 6.

Жалпы жуктургандар пандемия башталгандан бери 183 712ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 178 710. Каза болгондор 2762.

Учурда ооруканаларда 350, үй шартында  407 адам дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*