Коронавируска каршы эмдөө сертификатын сатуу боюнча иликтөө башталды

COVID-19га каршы эмдөө сертификатын сатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Министр Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрдагы чукул жыйында комиссия түзүүгө буйрук бергенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак журналисттер эмдөө сертификаты сатылганы тууралуу фактыларды аныкташкан эле.

Министр кызматтык иликтөөнү “мүмкүн болушунча эртерээк” жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, күнөөлүүлөргө чара көрүлөрүн, материалдар укуктук баа берүү үчүн органдарга өткөрүлөрүн айтты.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн жеке QR-код ыйгарылган санарип сертификаттар 2021-жылдын июль айынан бериле баштаган. Документти COVID-19га каршы эмделгендер, акыркы 6 айда коронавирус менен ооругандар же ПЦР тесттин үч күнгө жарактуу жыйынтыгы барлар алышат.

Кыргызстанда 18 жаштан өткөндөргө коронавируска каршы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын 29-мартында башталган. 18-ноябрдан баштап 16 жашка толгондорго вакцина алууга уруксат берилген. Препараттын кошумча дозалары алынып келингенде 12 жаштан баштап алса болору айтылган.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 7-декабрга карата 2 миллион 615 миңден көбүрөөк адам эмдөөдөн өттү. Алардын 916 миңден ашууну эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырышты.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*