УКМК: Акбөкөн Таштанбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызматтан маалымдашкандай, ага карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши териштирилүүдө.

«2021-жылдын 6-декабрында БШК Акбөкөн Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берди», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты. Ал былтыр парламенттик шайлоого «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» партиясынын жетекчилигинде катышкан. Бул шайлоодо 16% добуш менен жеңишке жеткени турат.

 

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*