УКМК: Жашы жете элек балдарды тыюу салынган уюмга үйрөткөн жаран кармалды

Бишкекте «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун идеологиясын жашы жете элек балдарга үйрөткөн, аталган уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кечээ, 6-декабрда Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде аталган уюмга мүчө деп шек саналган эки кишинин батиринде тинтүү жүргүзүлгөн. Анда 24 жаштагы жарандын батиринен көп сандагы диний адабияттар, экинчи адамдын үйүндө балдардын окутулуп жатканы аныкталган.

«Тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөсү өзү жашаган үйүндө арап тилинин грамматикасын үйрөтүү шылтоосу менен мыйзамсыз диний билим берүү уюштурушканы аныкталды.  Окутуу мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу менен жүргүзүлгөн», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Иликтөө маалында батирден өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 10 жаштан 17 жашка чейинки 7 өспүрүм балдар болгон, алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары экендиги аныкталган.

Учурда «М.А.» УКМКнын  тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Балдар ыйгарым укуктуу камкордук жана көзөмөлчүлүк органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

Ушул тапта сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери уланууда.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*