Баткен: Тажикстанга өтүп кеткен жылкылар кайтарылды

Лейлек районунда Тажикстанга өтүп кеткен 20га жакын жылкы ээсине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда чек ара отрядына Лейлектин тургуну коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткен жылкыларын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Кыргыз тарап тажик чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында коңшу өлкөнүн аймагында кармалган жылкыларды өткөрүп берди», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы – 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*