Cтатком: Кыргызстанда жаш жубайлардын ар бир төртүнчүсү ажырашат

Кыргызстанда жаңы баш кошкон жубайлардын ар бир төртүнчүсү ажырашат. Айыл жеринде 1000 никеге 162 ажырашуу туура келсе, шаарда көрсөткүч андан эки эсе көп. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди.

Былтыр пандемиядан улам, өлкөдө никелердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга кыскарган. Статистикалык маалыматтарга караганда эркектер да, аялдарда да көбүнчө 20-29 жаш курагында баш кошушат. Бирок бардык эле жубайлар биримдикте бекем сакталбайт. Алардын дээрлик ар бир тѳртүнчүсү ажырашышат.

Өткөн жылы аялдар орточо 23 жашында, эркектер 27 жашында үй-бүлө курган.

 

Чет элдик жарандарга баш кошуу

2020-жылы жалпы 39 747 нике катталган. Анын ичинде 344 Кыргызстандык эркектер Өзбекстандын жарандыгына ээ болгон кыздар менен, ал эми 201и Орусиянын жарандыгындагы кыздар менен никеге турушкан. Кыргызстандык 322 аял Орусия жарандыгындагы, 53ү Өзбекстандын жарандыгындагы жигиттер менен баш кошушту.

Ар бир бешинчи ымыркай никесиз төрөлдү

Былтыр ар бир бешинчи жаңы төрөлгөн ымыркай никеси жок энелерден төрөлдү. Мындай юридикалык эмес никеде төрөлгөн балдардын 15 миңи кийин ата-энелердин биргелешкен арызы боюнча катталышкан. Андан сырткары дагы 15 миңге жакын бала энесинин гана арызы боюнча катталды. Никесиз төрөлгөн балдар негизинен 20-35 жаш курактагы энелерден төрөлөт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*