Депкомиссия: УКМК Асылбек Жээнбековду камоодо Конституцияны бузган

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган депутат Асылбек Жээнбеков мыйзамсыз камакка алынган. Бул тууралуу  бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусунда айтылды.

Комиссиянын төрагасы, депутат Канат Исаев корутундуну окуп жатып Асылбек Жээнбеков тергөө абагынан токтоосуз бошотулушу керек экени белгиледи.

“УКМК жана Башкы прокуратуранын маалыматын угуп, депутаттын жактоочулары менен аңгемелештик. Берилген материалда шектүү тууралуу далил базасы жок экени көрүнүп турат. Ой жана божомолдордон башка Жээнбековдун күнөөсүн ырастоочу тикелей далилдер жок экенин баса белгилей кетүү керек. Мурдагы депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов жана Алмазбек Баатырбековдун көрсөтмөлөрүнө гана негизделген. Алар УКМКнын тергөө абагында отурган учурда көрсөтмө берген. Тергөө менен кызматташууга кол койгон. Ошондуктан алардын көрсөтмөсү шек жаратат”, — деди Исаев.

Комиссиянын корутундусунда төмөндөгү пункттар бар:

  • Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын 24-беренесине ылайык, депутат элдин жана мамлекеттин коргоосу алдында турат. Ал айтылган ой-пикири жана добуш берүү жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Конституциянын 78-беренесин бузуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган;
  • Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргендигине байланыштуу Асылбек Жээнбеков атайын кызматтын тергөө абагынан токтоосуз бошотулууга тийиш;

Депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктады. Алар Башкы прокуратурага Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок. Ал эми депутат Бакытбек Жетигеновдун жактоочулары комиссиянын отурумуна келбей калганына байланыштуу маселесин кароо кийинкиге калтырылды. Бирок комиссия үч депутаттын тең камалышы мыйзамсыз экенин билдирди.

Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Ал эми Жетигеновду УКМК «Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү» деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген «Жазык-процесстик кодекстин» талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24 жана 29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. Бул маселени кароо үчүн 1-декабрда депутаттык комиссия түзүлгөн.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*