Жаңы чакырылышка кайрадан депутат болгондор. 1-бөлүк

"Т-Медианын" коллажы

Биринчи бөлүктө биз парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан өткөн депутаттар тууралуу айтып беребиз. 

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды 100% кол менен санап бүттү. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында иштеген 20 депутат кайра мандат алганы турат. Анын ичинен 11и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланды. Алар: Өмүрбек Бакиров, Айбек Осмонов, Нурбек Алимбеков, Искендер Матраимов, Данияр Төлөнов, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, Айбек Алтынбеков, Азизбек Турсунбаев жана Дастан Жумабеков. 

“Т-Медиа” басылмасы кайсы депутаттар кайрадан жеңишке ээ болгонун тизмектеди.

Өмүрбек Бакиров – Ош облусундагы №4 Көк-Жар шайлоо округунан 32.68% добуш менен өтүп, кайрадан мандат алганы турат. 

Өмүрбек Бакиров

 Ал 2011-2015-жылы “Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон. Ал эми 2018-жылы болсо КСДПнын тизмесинде мандат тийген жана ушул жылдын июнь айынан тартып аталган фракцияны жетектеп жаткан. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо бийликчил «Биримдик» партиясынын катарында болчу.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Бакиров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Ал эми «Клооп»  ал кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин «өкүл баласы» деп айтылып жүргөнүн жазган. 2004-жылы Бакиров менен Анапияевге карата «Адам уурдоо», «Карактоо», «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Кийинчерээк сот аларды актаган.

Айбек Осмонов№7 Ош шайлоо округунан добуштардын теңин 49.80% топтоду.

Айбек Осмонов

Осмонов парламентке үстүбүздөгү жылдын 24-мартында “Бир Бол” партиясынан депутат болуп келген.  Ал быйыл июлда Ош шаардык кеңешине шайлоодо “Биздин Кыргызстан” партиясын жетектеп барган жана шайлоодо эң көп добуш алганы менен БШК добуш сатып алууга айыптап, шайлоодон четтеткен. Кийин Осмонов партия Боршайкомду соттон утуп алганын айтып чыккан. 

Айбек Осмонов “Мекеним Кыргызстан” партиясын негиздеп, кийин анын курамынан чыгып кеткен. Кийинчерээк «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Анын бир тууганы Нурбек Осмонов «Каганат Инвест» компаниясына ээлик кылат. 2020-жылы ал Ош шаарында машина куруучу заводду түзүүгө жана ачууга жеке каражатынан 20 миллион доллар жумшаган. Бул ишканада биринчи ата мекендик электр автобустарын чыгарууну баштоо пландаштырылган.

№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин соңку эки чакырылышынын депутаты Нурбек Алимбеков 40.96% добуш алды. 

Нурбек Алимбеков

Анын негизги атаандашы Шайлообек Атазов добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыккан. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына сотко кайрыларын жазды. Алимбековдун шайлоо штабы “анын кадыр-баркына доо кетирди” деген жүйө менен кайра Атазовду сотко берди. 

Алимбеков парламентке 2010-жылы «Республика» партиясы менен шайланган. 2015-жылы «Кыргызстандан» депутат болгон жана вице-спикерликке чейин жеткен. Бирок 2016-жылы Тайванга барганы үчүн кызматынан кеткен. Буга чейин 24.kg сайты Алимбековдун жубайына катталган ири бизнестери декларацияга кирбей калганын жазып чыккан. Анын ичинде үч курулуш компаниясы дагы бар. 

БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча, №9 Кара-Суу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты, коррупция иштеринде аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов  депутат болуп келет. Ал шайлоочулардын 62.39% добушун алды. Бул округда башка талапкерлердин көбүнүн добушу беш пайызга жеткен эмес. 

Искендер Матраимов

Искендер Матраимов өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 10-номерде катышкан. Партия шайлоодо экинчи болуп келген. Шайлоодон кийинки нааразылыктан улам бийлик алмашкан, ал эми БШК шайлоону жокко чыгарууга аргасыз болгон.

Данияр Төлөнов – №10 Куршаб шайлоо округунан 24.85 пайыз добуш менен алдыга чыкты.

Данияр Төлөнов

Төлөнов парламенттин 6-чакырылышында “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келген. Ага чейин негизинен миграция жаатындагы мамлекеттик кызматтарда иштеген. Factcheck.kg сайтынын маалыматы боюнча, депутаттыктан сырткары ишкерлик менен да алектенет. Анын атында үч компания бар. 

Улан Примов – шайлоочулардын 50.62% добушун алып, Жогорку Кеңешке кайра депутат болуп келгени турат. Ал №11 Алай шайлоо округунан талапкерлигин койгон. 

Улан Примов

Примов парламенттин азыркы чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон. “Т-Медиа” анын үй-бүлөсү кандай бизнеске ээлик кыларын аныктаган.

Тазабек Икрамов – №13 Сузак шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кайрадан шайланды. Ал атаандаштарынан салыштырмалуу көп добуш топтоду.

Тазабек Икрамов

Ал Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси менен келген. Бул депутат башкалардан көбүрөөк сындын да, шакабанын да бутасында калды. Буга анын сөздөн жаңылган учурлары гана эмес, жаңылбаган деле билдирүүлөрү негиз болуп келет. 

Икрамов депутат болгонго чейин Ош жана Жала-Абадды Өнүктүрүү жана калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын башкы директорунун кеңешчиси болгон. 

Эл өкүлүнө байланыштуу бир нече ызы-чуу чыккан. 2018-жылы декабрда ал «билим берүүнүн отличниги» наамын алган. Бирок болгону эки жыл гана дене тарбиядан сабак берген. Бул чоң ызы-чуунун чыгышын шарттаган, анткени мындай наам алыш үчүн билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ болуу керек. Икрамов наамды «Жалал-Абадда жаш спортчулардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн» алганын билдирген.

Ал саясатка жаңы аттанганда уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган, мындан улам Стамкулов деген фамилиясын Икрамов деп алмаштырган деген маалыматтар чыккан. Икрамов бул сөздөр негизсиз экенин билдирген.

Дастан Бекешев – Бишкектеги №28 Октябрь шайлоо округунан 48.54% добуш топтоп, атаандаштарынан озуп чыкты. 

Дастан Бекешев

Бекешев парламентке 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан депутат болгон. 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен мандат алган. Ал орчундуу мыйзамдарды кабыл алууда өз позициясын бекем карманган жана талашып-тартышкан эл өкүлдөрүнүн сап башында.

Юстиция министрлинин маалыматы боюнча, Дастан Бекешевдин атында коммерциялык компаниялар катталган эмес. Ал “Укуктук аналитикалык борбор” коомдук фондун негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.

Айбек Алтынбеков – №15 Базар – Коргон шайлоо округунан эң көп (61.48%) добуш алды. 

Айбек Алтынбеков

Ал Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат болгон.  Былтыркы парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынын тизмесинде болгон. Депутат 2017-2018-жылдары 672 миң сом киреше тапкан. Ошондой эле 75 гектар айыл чарба жерине ээлик кылат. 

Азизбек Турсунбаев – №18 Ала-Бука шайлоо округунан парламенттик шайлоого катышып, элдин 37.54% добушун алды. Ал Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты. Эл өкүлү чоң бир иш жасап же элге жардам болгон демилге көтөрүп деле коомчулуктун эсинде калган жок.

Азиз Турсунбаев

Дастан Жумабеков – №20 Манас шайлоо округунан 39.43% добуш топтоду. Сыягы, ал жетинчи чакырылыштын дагы депутаты болгону калды.

Дастан Жумабеков

Экс-төрага парламентке 2010-жылы “Ата-Журттун” катарында келген. Бул партиядагы карьералык өсүшү жакшы болуп, 2014-жылдын май айында фракция лидеринин орун басары, бир жылдан кийин лидери болуп шайланган. Ал эми 2015-жылдагы парламентик шайлоодо “Республика-Ата-Журт” партиялары бириккен учурда Жумабеков “Кыргызстанга” кошулуп кеткен. Эки жылдан соң ал парламенттин спикери болуп шайланган. Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого да «Кыргызстан» партиясы менен барган. 

Коомчулукка ал сөздөн жаңылган учурлары гана эмес, жаңылбаган деле билдирүүлөрү менен эсте калды. Маселен, 2019-жылы жайкы каникулга тарар алдында «депутаттар жакшы иштеген үчүн сын угушарын» баса белгилеген.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, Дастан Жумабеков 2019-2020-жылы 1 млн 800 миң сом киреше тапкан. Спикер болуп турганда анын мүлктөрүнүн арасында аянты 59,50 чарчы метр батир, фото, видео, аудио техника  болгон. Ошондой эле Жумабековдун 1 млн 445 миң сомдук ири мүйүздүү, 750 миң сомдук ача туяктуу жана 855 миң сомго бааланган жылкылары көрсөтүлгөн. Жакын туугандарынын мүлкү жазылган эмес.

2020-жылы жөн гана депутат болгон Жумабеков 835 777 сомго жетпеген киреше тапкан. Наамына ошол эле батир, айыл чарба компаниясы, фото, аудио жана видео техникалар катталган. Малдарынын саны өзгөрүп, ири мүйүздүү малынын баасы 1 млн 878 миң 500 сомго, ача туяктуулар 975 миң сомго, жылкылары 1 млн 111 миң 500 сомго жеткен. Туугандарынын мүлкү көрсөтүлгөн эмес.

Кийинки материалда партиянын тизмеси менен кайрадан жеңишке ээ болгон депутаттар тууралуу айтып беребиз. 

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*