Сузакта социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси пара алууга шектелүүдө

Сузак райондук калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Ал балдарды пособияга чыгарууда берилген арыздарды кароо, каттоо иштери үчүн опузалап акча талап кылууга шектелүүдө.

«М.Э.С.» аттуу кызматкер УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында пара алып жаткан жеринен кармалган.

«6-декабрында Сузак районунун тургуну, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга пособия алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат деген арыз менен кайрылган. Бул (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган», — деп айталыт атайын кызмат тараткан маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*