Сүрөттөр сүйлөйт
Бензин аймактарда канчадан сатылууда?
Быйыл Кыргызстанда бензин менен дизелдик күйүүчү май кечкин кымбаттады.
Ушул жылдын 22-ноябрында Экономика жана коммерция министрлиги бааны кармап туруу үчүн Аи-80, Аи-92 маркаларына мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү сунуштаган. Кымбаттоого дүйнөдө мунай баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп болгону айтылган. Өлкөдө бензиндин кымбаттоосуна бөгөт коюлдубу? Учурда баа кандай болууда? Сүрөттөрдөн таанышыңыз.

Ошто ноябрь айынын башында А-95 бензини 66 сомго чейин чыгып, айдын аягында 64-65 сомдон сатылып калган. Бүгүн 9-декабрда 1 литр бензин 64 сом 90 тыйындан сатылууда.

Буга чейин калаада айрым май куюучу жайлар эрте жабылып, кээ бирлеринде бензин табылбай калган учурлар болгон. Мунайдын кымбатташы, декабрда коомдук транспортто жол акынын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизди.

Жалал-Абад, 9-декабрь
Бензиндин баасы аймактарда бирдей эмес. А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын эң кымбаты Баткенде 65, эң арзаны Бишкекте 57-58 сом (9-декабрга карата).

t-media.kg
Наргиза Анарбай кызы
Улукбек Сали уулу
Улукбек Сали уулу