
«Т-Медиа» буга чейин бир мандаттуу округдардан кайрадан жеңишке жеткен эски депутаттар тууралуу сөз кылган. Бул ирет 7- чакырылышка партиялардын тизмеги менен жеткен талапкерлер туурасында айтып беребиз.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлери
Кайра мандатка ээ болгондордун үчөө «Бүтүн Кыргызстан» партиясында. Алар:
- Исхак Масалиев;
- Эмиль Токтошев;
- Аккулу Бердиев.
Өз ыктыяры менен мандатын тапшырган Масалиев
Исхак Масалиев – Кыргызстандын башкы коммунисти, парламенттин төрт чакырылышынын депутаты болгон. 2005-жылы каржы министринин орун басарлык кызматын аркалаган. Масалиев парламентке депутат болуп келгенге чейин бажы кызматында иштеген, ал эми 2012-жылдан тартып эки жыл салык кызматын башкарган.
Эл өкүлү 2020-жылы майда Жогорку Кеңештен кетип жатканын кабарлаган. Ал бийлик өкүлү катары мамлекетте пандемия убагында түзүлгөн кырдаалга жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, шайлоочуларынан кечирим сураган. Парламенттеги акыркы мөөнөтүн экс-депутат «Өнүгүү — Прогресс» фракциясында иштеп жыйынтыктаган. Бирок ошол эле жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Масалиев кайра депутат болууну чечип, шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанган.

Конституцияны колдогондордун катарына «кошулуп» калган Токтошев
Эмил Токтошев –Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына «Ата Мекен» фракциясынан депутат болгон. Ал Конституциянын жаңы долбоорун демилгелеген 81 депутаттын катарында болгон, бирок эл өкүлү ар дайым парламентаризмди колдоп келгенин жана авторлордун катарында болгонун социалдык тармактардан билгенин айтып чыккан.
Баткендеги аткезчилик тууралууу журналисттик иликтөөдө ысымы айтылган Бердиев
Аккулу Бердиев – 53 жашта. Саясатчы 2020-жылы жазында парламентке «Республика-Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен барган. Былтыркы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо «Республика» менен катышкан.
2021-жылдын май айында TMG телеканалы жана иликтөөчү журналист Али Токтакунов кыргыз-тажик чек арасына чектеш Баткендин Арка айылындагы депутаттардын бензин саткан жайлары тууралуу иликтөө жарыялашкан. Анда журналисттер Аккулу Бердиев менен байланышы бар компанияны да табышкан.
Убадалары жерде калган Сулайманов
Кесиби боюнча юрист жана экономист Алтынбек Сулайманов эмгек жолун колхоздо иштөө менен баштап кийин жеке ишкерликке өткөн. Бизнестен саясатка аттанган партиянын лидери алгач 2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына бакиевчил делген «Ак Жол» партиясынан депутат болуп барган.
2010-жылы октябрда мандатты Өмүрбек Бабановдун партиясы болгон «Республиканын» тизмеси менен алган. Андан соң 2015-жылдагы шайлоодо өз алдынча «Бир Бол» партиясын түзгөн. Ал мурунку бийликтин тушунда өкмөттү жетектеген адамдарды, мурунку министрлерди, таасирдүү саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди бириктирген. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө партиянын баннерлеринде «Бакиевдин 11 досу» деген жазуусу бар мемди да пайда болгон.
Партия өзүнүн «Илбирс секириги» программасында мамлекеттик башкарууну реформалоону, тартип сакчыларынын жана мугалимдердин эмгек акысын эки эсе көбөйтүүнү жана өкмөттүн чыгымдарын кыскартууну убада кылган. Эң кызыгы, программада көрсөтүлгөн «секирүү» качан ишке ашаары кийинки чакырылыш жыйынтыкталганга чейин белгисиз болуп келди. Партиянын «Илбрис секириги» урааны бир гана мүчөлөрүн кызматка коюууда ишке ашты. Мисалы, 2018-жылдагы Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаровдун «Бир Болдун» квотасы менен вице-премьерликке, анын ордуна Ноокаттагы айылдык кеңештин депутаты Саибжан Турдуевдин кызматтык тажрыйбасы жетпегине карабай шаарга биринчи вице-мэр болушу коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Алты жылда 4 партия алмаштырган Акаев
Жанар Акаев жаш саясатчы болгонуна карабай, КСДП, «Ата Мекен», КЛДП жана «Альянс» партияларынын мүчөсү болгонуна жетишти. Анын саясаттагы жолу 2015-жылы башталган. Акаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеп жүрүп, КСДП партиясы менен парламентке келген. Бирок 2017-жылы Акаев аталган партиянын тизмесинен чыгарылган. Ага «саясатчынын позициясы фракциянын позициясы менен туура келбегени» себеп болгон. Кийин ал эркин депутат катары ишин уланткан.
Андан соң пандемияга байланыштуу токтотулган жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоого КЛДП партиясын түзүп, жаңы партия менен аттанган. Ал эми жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы шайлоодо «Ата-Мекенди» баштап барган. Эми быйылкы шайлоого үч партиядан куралган «Альянстын» сап башында тең төрага болуп барды.

Жапаровго таандык делген «Ишеним»
Талапкерлердин арасында эң көп добуш алгандардын катарында 6-чакырылыштын эки депутаты — Нурбек Сыдыгалиев менен Улугбек Ормонов бар. Буга чейин Factcheck.kg “Ишеним” партиясынын президент Садыр Жапаров менен байланышын таап чыккан.
Конституциялык кеңешменин мүчөсү Сыдыгалиев
Нурбек Сыдыгалиев – 48 жашта, 2015-2016-жылдары ӨКМдин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Алтынчы чакырылышта “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине үстүбүздөгү жылдын январь айында дайындалган. Сыдыгалиев депутаттык мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна парламентке келген. Мындан тышкары ал резонанс жараткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

«Ак Жол», «Замандаш», «Бир Бол», «Ишеним» партияларында мүчө болгон Ормонов
Улугбек Ормонов – шайлоочулардын 3.99% добушун топтоп, кайрадан депутаттык креслосун кайтарып алганы турат. Эл өкүлү былтыр жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо «Замандаш» менен катышкан. Ормонов алгач парламентке партиялык система боло электе бир мандаттуу округдан шайланып келсе, 2009-жылы ошол кездеги бийликтин «Ак жол» партиясынын курамында депутат болуп келип, фракция лидерлигине чейин жеткен. Бакиевдин режими кулагандан кийин Ормонов саясаттан бир аз четтеген. Бирок саясаттагы жолун кайра улап, 2016-жылы «Бир-Бол» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.
Депутаттык ишмердүүлүгүндө чоң бир иш жасап же элге жардамы тийген демилге көтөргөнү менен деле эсте калган жок. Быйыл той-аштардагы ысырапкорчулукту ооздуктаган мыйзам долбоорун демилгелеп, парламентте биринчи окуудан өттү. Анда ашыкча ысырапкорчулукка барган той ээси айыпка жыгылары жазылган.
Жээнбековдун шайлоо штабындагы «көмүскө» чыгым
Ормоновдун ысымы 2018-жылы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы 24 млн долларлык «көмүскө чыгым» боюнча маалыматта депутаттын аты аталган. Анда юрист Нурбек Токтакунов 2017-жылдагы президенттик жарыш учурунда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдарынын болжолдуу тизмеси көрсөтүлгөн файлды жарыялаган болчу. Тизмеде Ормонов 30 миң доллар чыгым болгону айтылат.

«Ынтымак» партиясынын талапкерлери
Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар Мамытов
БШК бир эмес эки ирет талапкерлигин каттоодон баш тартканына карабай, Жогорку Соттун чечими менен шайлоого катышкан Талант Мамытов да жетинчи чакырылыштын депутаты болгону калды. Ал 5.6 % добуш топтогон.

Мамытов Жогорку Кеңешке 2010-жылы «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2011-2013 жылдары «Ата-Журт» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган. 2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Ал президент Садыр Жапаров менен анын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Талант Мамытов парламенттин төрагалыгына шайланган. Ал ортодо президенттин милдетин да аткарганга жетишти. Былтыр иликтөөчү журналисттер Болот Темиров менен Али Токтакунов Мамытов жана Бажы кызматынын мурдагы экс-жетекчиси Райымбек Матраимовдун көмүскө достугу тууралуу иликтөө жарыялаган.
Марлен Маматалиев

«Ынтымак» партиясына бөлүнө турган тогуз мандаттын бири Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге буйруду. Ал Кадр кызматынын мурдагы башчысы Абдрахман Маматалиевдин уулу. 2018-жылы Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында «Республика — Ата Журт» саясий партиясынан мандат алган. Былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Маматалиев «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.
«Ата-Журт Кыргызстан»
БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча, парламенттеги эң көп орун азырынча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына тийчүдөй. Партиянын атынан жетинчи чакырылышка депутат Бакыт Төрөбаев кайра барат.
Бакыт Төрөбаев деген ким?
Бакыт Төрөбаев — 48 жашта, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери. 2007-жылы бозгун президент Курманбек Бакиев тарабынан негизделген «Ак-Жол» партиясы менен алгачкы жолу парламентке келген. 2010-жылы болсо «Республика» партиясынын катарында депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Өнүгүү — Прогресстен» шайланып келген. Бакыт Төрөбаев 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан, бирок Өмүрбек Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салган.
Популисттик убадалардын ээси Төрөбаев
Politmer.kg сайтынын маалыматына ылайык, депутат 2015-жылы шайлоого аттанганда берген убадаларынын көбүн аткарган эмес. Эки жыл ичинде 61 ишкана ачып, 61 миң адамды иш орду менен камсыз кылууну убадалаган. Мындан тышкары Кыргызстанды жакырчылыктан чыгарып, ондогон чакан ГЭСтерди куруп, күн жана шамал электр энергияларынын альтернативдүү булактарын өндүрмөк.
Оставьте первый комментарий