
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тактоо иши уланууда. Ага ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 101 шайлоо участогунда добуштарды кайра санайт. Мындай чечим мекеменин 9-декабрындагы отурумунда кабыл алынды.
Алардын ичинен бешөө Ош облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда, экөө Талас облусунда жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында бирден. Жалпысынан добуштар 101 участокто кайрадан саналат. БШК бул округдар боюнча добуштарды кайра саноо 10-11-декабрда жүргүзүлөрүн билдирди. Ага партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар жана журналисттер катыша алат.
Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү. БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду. Боршайком добуштарды 100% кол менен санап бүткөнүн сайтына расмий жарыялады. Баштапкы жыйынтык боюнча мандаттардын 15и «Ата-Журтка», 12си «Ишенимге», 9у «Ынтымакка», жетөө «Альянска», алтоо «Бүтүн Кыргызстанга», бешөө «Ыйман Нуруна» тийет. Калган 36 мандатты бир мандаттуу округдардан өз алдынча шайланып келгендер алат.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгары айтылган.
Оставьте первый комментарий