Коронавирус дагы 53 адамдан аныкталып, эки киши каза болду

10-декабрга карата Кыргызстанда 53 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды. Алардын көбү Бишкек шаарында. Талас, Нарын облустарында жана Ош шаарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Илдет жуктургандардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

  • Бишкек – 25;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Джалал-Абадда– 4;
  • Баткен облусу – 4. 

Ушуну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы — 183 863 адам коронавируска чалдыкты.

COVID-19га каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, бир суткада бул инфекциядан Бишкек менен Ысык-Көлдө бирден киши каза болду. Оорудан каза болгондордун жалпы саны – 2766 адам.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*