Кыргызстанда сугат суу тартыштыгынан дан эгиндери былтыркыдан эки эсе аз жыйналды

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндерин чаап-жыйноо аяктады. Быйыл күндүн катуу ысышы жана суунун жетишсиздигинен түшүм былтыркыдан 29 пайызга аз бастырылды. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди.

Өлкөдө жалпы 577 миң гектар аянттан, 1,4 миллион тонна дан жыйналган. Анын ичинде буудайдын дүң жыйымы өткөн жылга караганда 42%га, арпа 46%га кыскарган.

 

Ошондой эле май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы — 25,4%га, кант кызылчасы — 19%га, бакча өсүмдүктөрү — 14%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү — 3,9%га төмөндөгөн.

Быйыл августта Чүй өрөөнүндөгү дыйкандар сугаттын начардыгы жана кургакчылыкка даттанышкан. Аймакта сугат суу тартыш болгондуктан, дыйкандар быйыл бедесин сугара алган эмес.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*