
Ош мэриясы коомдук транспортторго бир ай көзөмөл жүргүзүп, кечки жетиден кийин жүргүнчү ташыбаган ЖЧКлар менен келишимди бузат. Ал эми кечинде жол акыны көтөрүү системасы жакшы иштебесе, шаардык кеңеш маселени кайра карашы мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Сонунбек Жунусбаев «Т-Медиага» билдирди.
Жергиликтүү бийлик 9-декабрда кечки саат 19:00дөн кийин коомдук транспортторго рейд жүргүзгөн. Көзөмөл учурунда кичи автобустардын көпчүлүгү жүргүнчүсү жок бош келген. Айдоочулар анын себебин адам жоктугу менен түшүндүрүүдө. Бирок шаардыктар алар текшерүү жүрүп жаткандыктан гана каттамга чыкканын айтышууда. Себеби кечкисин көпчүлүк маршруттар ишин токтотот.
Рейд учурунда интервалда белгиленген убакытты сактабаган төрт линияга — 142, 119, 106 жана 124 маршруткаларына жеринен акт түзүлдү. Эскертүү алган каттамдарга бир айдан кийин жыйынтык чыгарылат.
«Бир айда жыйынтык чыгарып, көп эскертүү алган линиялар менен келишимди бузабыз. Бүгүн жол акы кымбаттагандан бери 10 күн өттү. Биздин оперативдүү топ шаар боюнча кайсы маршраттук линиялар чыккан-чыкпаганын көзөмөлдөп турат. Эгерде жарандар 30-40 мүнөт күтүп туруп калса, бизге түз байланышса болот. Аларга оперативдүү топ ордунан акт түзөт» -дейт Жунусбаев.
Ошондой эле вице-мэр жол акыны кечки жетиден кийин 20 сом кылуу маселеси дагы караларын кошумчалады. Анын негизинде жүргүнчүлөр жай мезгилинде саат 21:00дөн кийин 20 сом төлөшөт. Калаада кичи автобустарга рейд 9-декабрдан 2022-жылдын 9-январына чейин уланат. Анда кечкисин да линияга чыгуу талабына макул болгон ЖЧКларга көзөмөл жүрөт.
Оставьте первый комментарий