
Ош шаарында жеке ишкерлердин сунушу менен окуучуларды кечкисин акысыз ташыган 10 кичи автобус ишке киргени жатат. Бул тууралуу вице-мэр Сонунбек Жунусбаев кечээ, 9-декабрда коомдук транспортторго рейд учурунда билдирди.
Анын айтымында, маршруттук каттамдар кыш мезгилинде — декабрь, январь жана февралда окуучуларды акысыз ташыйт. Алар 13-декабрдан иштей баштайт.
«Мектеп окуучулары үчүн жол акы өзгөрүүсүз калышы керек. Саат 19:00дөн кийин 10 сом алганы болбойт. Кээде айдоочулар беш сомдон кызганып окуучуларды албай коюп жатыптыр. Ошон үчүн кечээ (ред- 8-декабрда) ишкер балдар өздөрү «Кеч калган окуучуларды кыш мезгилинде үч ай акысыз ташып беребиз» деп келишти. Алар дүйшөмбүдөн каттамга чыгат» — деди Жунусбаев.
Оставьте первый комментарий