Айсулуу Тыныбекова эки күндүк сапар менен Баткенге барды

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, эки күндүн сапар менен Баткен облусуна барды. Аны президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тосуп алды.

Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Айсулуу Тыныбекова Лейлек районунун Максат, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы окуучулар менен жолугат. Жаш балбандарга мастер класс өтөт.

«Облус жетекчисинин дүйнө чемпионун өлкө борборунан миң чакырым алыс аралыктагы аймагыбызга чакыргандагы максаты- Баткен облусунун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүү жана спортту сүйгөн жаштарга дем күч берүү болуп саналат. Жолугушууда облус башчысы, Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Айсулуу Тыныбекова Токио-2020 Олипиадасында эркин күрөш боюнча күмүш медаль тагынган. Азиянын эркин күрөш боюнча төрт жолку чемпиону. Быйыл бириккен күрөш дүйнөсүнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча бардык салмактык категориядагы рейтингинде эң көп упай алган.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*