
Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү 2005-жылы туулган Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Асемай Полотованы табууга көмөктөшүүнү суранат.
Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын 28-ноябрь күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында Куршаб айылындагы Ы. Бектемиров атындагы мектебине кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 155-160 см, кара тору, дене түзүлүшү арык, кашы көзү кара, чачы кара түстө.
Кийимдери: кара түстөгү куртка, ак түстөгү көйнөк, кара галстук, кара түстөгү юбка, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.
Милиция Асема Полотованы көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор боюнча кайрылууну суранат.
(03233) 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41.
Оставьте первый комментарий