Коронавирустан дагы эки бейтап каза болуп, 34 адамга жукту

12-декабрга карата Кыргызстанда 34 адам коронавирусту жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды. Алардын көбү Бишкек шаарында.

Оору жуктургандар:

  • Бишкек — 17;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй — 8;
  • Ош — 1,
  • Жалал-Абад — 4;
  • Баткен — 3.

COVID-19га каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, бир суткада инфекциядан эки киши каза болду. Каза болгон эки киши Бишкек менен Ысык-Көл облусунан экенин айтылды. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун саны 2768ге жетти. Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 965 адам катталды.

Бир суткада 47 киши айыкты. Ушуну менен жалпы 179 009 бейтап ооруну жеңди. Ушул тапта ооруну жуктуруп алган 389 адам ооруканада, 314ү үйүндө дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*