Кыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленип жатат

Сүрөт: Маданият министрлиги

Кыргызстанда 12-декабрь — жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленет.

Бул датага байланыштуу Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында поэзия кечеси жана республикалык «Алтын калем» сыйлыгын ыйгаруу аземи өтүп жатат. Ошондой эле Саат 15:00дө Fablab инновациялык борборунда «Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы» тапшырылат. Саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында обончу, ырчы жана аткаруучу Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына арналган салтанат уюштурулат.

Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Ошол жылы өкмөттүн чечими чыккан.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*