БШК бир мандаттуу 12 шайлоо округу боюнча жеңүүчүлөрдү расмий жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынан жеңүүчү аталган сегиз талапкерди расий жарыялады. Бул добушканаларда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылды. 

Ага ылайык, төмөнкү окргудардын жыйынтыгы толук чыгып бүттү:

  • №7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов депутат болуп шайланды;
  • №15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков;
  • №16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков;
  • №22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев;
  • №23 Москва шайлоо округу — Ханджеза Карим;
  • №28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;
  • №33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов;
  • №8 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков;
  • №12 Өзгөн шайлоо округу — Элмурза Сатыбалдиев;
  • №10 Куршаб шайлоо округу — Данияр Төлөнов;
  • №18 Ала-Бука шайлоо округу — Азизбек Турсунбеков;
  • №35 Ак-Суу шайлоо округу — Акылбек Түмөнбаев.

БШК добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күн ичинде (18-декабрга чейин) шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү аныкташы керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Боршайком добуштарды 100% кол менен санап бүткөнүн  сайтына расмий жарыялады. Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып кетип нааразылык жаралган. Мындан кийин БШК добуштар кайра санала турган тилкелердин тизмесин бекиткен. 

Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча мандаттардын 15и «Ата-Журтка», 12си «Ишенимге», 9у «Ынтымакка», жетөө «Альянска», алтоо «Бүтүн Кыргызстанга», бешөө «Ыйман Нуруна» тийет. Калган 36 мандатты бир мандаттуу округдардан өз алдынча шайланып келгендер алат.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*