Ош мэриясы коомдук транспортко орнотулган валидаторлордун карызын евро менен төлөй баштады

Бул темир үкөкчө валидатор деп аталат. Баасы 1500 евро же 130 миң сом. 2019-жылы дал ушундай валидаторлор Оштогу бардык троллейбус, автобустарга орнотулган. Ошол кездеги калаа бийлиги эми шаардыктар коомдук унаалардын кызматы үчүн накталай акча эмес, электрондук карта менен төлөйт деп жарыялашкан. Андан бери деле үч жыл өттү. Бирок долбоор дале толук ишке ашпай, ара жолдо турат. 

Жүргүнчүлөрдү тейлөөнү автоматташтыруу долбоорунун ишке ашкан ашпагандыгын айтуудан мурда бир аз артка сарасеп салалы. Бул демилге 2016-жылы  көтөрүлүп, аны ишке ашыруу учун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы ошол эле жылы 684 миң евро берген. Анын 30%ы гранттык негизде, 70%ы насыяга алынган. Эл аралык тендер жарыяланып, анда  57 млн сом сунуштаган чехиялык «Микроэлектроника» аттуу компания утуп чыккан.

«Чехиянын карталары бизге ылайык келбей калды»…

Биз аталган коомдук транспорттордо эки күн көзөмөл жүргүздүк. Электрондук картаны пенсия жашындагылар жана окуучулардын айрымдары гана колдонбосо, жүргүнчүлөрдүн дээрлик 90 пайызы жол акыны накталай төлөшөт. 57 млн сомдун башын жеген валидаторлор чаң баскан боюнча турганына күбө болдук. Элдин баары карта менен иши жок эле акчасын айдоочуга беришет.

Валидаторлор эки жылга кепилдик менен алынган. Ал электрондук картаны эле эсептебестен, тыйын кабыл алып, дүмүрчөк ыгарып бериши керек эле. Бирок келгенине бир жыл болбой квитанция чыгарбай калды. Ал эми картаны жарандар сатып албай жатышат дешет айдоочулар.

Жүргүнчүлөргө 35 000 даана карта даярдалган:

  • 10 000 карта — песионерлерге же ар кандай категорияда жеңилдик алган жарандарга;
  • 5000 карта — окуучуларга;
  • 20 000 карта жөнөкөй жарандарга 64 сомдон сатылмак.

Шаардын үч жеринде карталарды сатуу борборлору уюштурулган. Бирок үч жыл ичинде 12 миңге чукулу гана сатылып, 23 миңден ашыгы жөн эле турат. Анын себебин Ош шаардык мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Махсут Маматазизов мындайча түшүндүрдү:

«Телекоммуникация тармагындагы эки башка ишканалар, башкача айтканда валидаторлор Чехиянын «Микроэлектрониканын» жеке мүлкү болчу. Ошол компаниянын карталары биздин ишканага шайкеш келбей калды. Ушул маселе учурунда каралбай калган», -дейт Маматазизов.

Калк карта менен тейленсе, жүргүнчүлөрдөн түшкөн каражат ачык айкын болуп, датацияда олтурган автоунаа ишканасы өзүн-өзү тейлеп, ал тургай бюджетке киреше алып келет деген план болгон. Бирок андай болгон жок. Учурда мекеме СССР мезгилинен бери келе жаткан иш ыргагын улантууда.

Ош шаардык кенешинин депутаты Эсенбек Арзиев картанын сатылбай жатышына кызыктар тараптар көп дейт. Анын айтымында, электрондук карта жүргүнчүлөрдөн түшкөн кирешени ачыктап, так эсептейт. Бул – айдоочулардын эле эмес, бир топ аткаминерлердин алкымын бууйт. Ал эми эсеби жок акчаны иштетүү көбү үчүн ыңгайлуу.

«Долбоорду жасаган адамдарда айып бар. Себеби кантип иштешин жана башка маселелерин эсепке алган эмес. Муну атайын кылышы да мүмкүн. Азыр бизде акылдуудар көп болуп атпайбы. Долбоорду жасап атканда дагы, эртең ошол жерден кантип акча өндүрүп алса болчудай кылып жасап атышат да. Буга чейинки эки мэрге түз тапшырма бердик. Бирок аткарбады, алар деле кайдыгер мамиле кылды. Түз сүйлөгөн депутаттардын айткан сунуштары колдоого алынбайт. Себеби көрүп атасыңар, шаардык кеңешке келген депутаттар да кайсы партия менен, кайсы акча менен келет. Бийликин арыгын чабып, мэрлердин сөзүн туура деп жактап келет экен. Акырында келип эле эл кыйналып, элдин акчасы уурдалып жатат»,  -дейт Эсенбек Арзиев.

Маалыматтар так болушу үчүн биз Ош шаардык мэриясына, шаардык кеңешке жана муниципалдык автогараж ишканасына кат жолдогонбуз. Айта кетели мэрия менен автогараж ишканасынын жооптору коёндой окшош келди. Болгону титулдук баракчасы өзгөртүлүптүр.

Эми каттагы сиз үчүн маанилүү болгон жерлерге токтололу.

  • Канча жерге электрондук карталарды сатуу борборлору ачылган деген сурообузга шаардык кеңеш 3 жерде, ал эми мэрия менен автогараж ишканасы 5 жерде деп жооп берди.
  • Көңул буруучу экинчи жагдай, чехиялыктар менен болгон келишим толук ишке ашкан деп жазылып турат. Ошол эле тексте интеграция маселеси убагында келишимде каралбай калгандыктан, эми чехиялыктар менен кайрадан байланыш түзүп жатабыз дешиптир. Парадоск. Келишим толук аткарылган деп алар бизди алдап жатабы же өздөрүнбү? Эмнеси болсо да бул иш акысыз жүрүп жатат деген жооп жазылган. Бирок биз мурдараак автогараж ишканасынын юристи менен жолукканыбызда, ал бул ишти аягына чыгаруу үчүн 57 млн сомго кошуп ишкана дагы 650 миң сом бөлгөнүн айткан эле.

«Өзүбүздүн каражаттан 655 миң сом кетирип, ишке ашырдык. Бул мамлекетте жүрүп жаткан санариптештирүү системасына киришүү деп ойлойм. Буюрса жүргүнчүлөр телефондон эле акчаны бирдик салган сыяктуу жүктөп алышып төлөмүн төлөй беришет. А биз бардык жабдууларын алганбыз. Бүгүнкү күндө иштеп атат»,  -дейт Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын юристи Кыяз Токтомуратов.

  • 650 миң сомду директор же мэр чөнтөгүнөн бере калган жок, каражат элдин акысынан чогулган. Бул – маселенин бир эле чети. Валидаторлор толук кандуу ишке кирбей жатып Ош мэриясы 2020-жылдан тарта алынган кредитти да төлөй баштады. Бул 10 миң же 100 миң сом эмес. Милиондордун башын чапчыйт. Ал да элдин салыкка төлөгөн акчасынан кетип жатат. Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Талант Каимов бул боюнча мындай дейт.

«Насыялар сом менен айтканда 35 млн 500 миң сом болуп атат. Ал эми гранты 19 млн 100 сомду түзүп атат. Ошол убактагы курс менен ала турган болсок, биз аларга 18 млн сом аларга кайтарып төлөп бердик. Карызды биз евро менен алганбыз. 1,5 пайыз менен төлөп беребиз. Евронун курсу өскөн сайын жергиликтүү бюджеттен кайтарып берип аткан акчабыздын дагы суммасы өсүп атат». 

«2021-жылдын эсебинен 160 млн сомдун тегерегинде кредит төлөп атабыз. Биз ушинтип отурсак келген мэрлер өзүн көргөзүш нвсыя ала берсе, шаардык бюжеттин баары карыз төлөгөнгө кетип калат да. Биз калааны кантип багабыз. Кантип элдин күнүмдүк турмушун камсыз кыла алабыз? Ушундай коркунучтары да бар»,  -деди шаардык кеңештин депутаты Эсенбек Арзиев.

  • Бизге келген жоопто үч мекеме тең бир ооздон келишимде интеграция маселеси каралбай калгандыктан, азыркы убакта иштеп жаткан кызматкерлерди жоопко тартуу мүмкүн эмес деп жооп беришиптир. Бирок сууга аккан 57 млн сом үчүн кимдир бирөө жоопкерчиликти алышы керек.

«Пандемия болушун да билген жокпуз. Анан ошол микроэлекрониканы эл аралык тендерден утуп келгенден кийин баарын бизге тууралап берет дегенбиз да. А алардын системасы бизге туш келеби же жокпу аны ойлонгон эмес экенбиз да. Пандемия болуп, чехиялыктар бизге келе албай калгандан кийин гана ушундай көйгөй чыгып атпайбы. Ошол убакта ушул ишке аралашкандардын баары жумуштан кеткен экен. Эми жаңыдан ишти алып кетип атабыз да», — дейт Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов.

Жоопкерчилик катары айрым кичи кызматкерлер жумуштан кеткен менен долбоор Айтмамат Кадырбаев Ошто мэр болуп турганда  башталып, Таалайбек Сарыбашовдун учурунда ишке ашкан. Биз расмий үч мекемеден тең чехиялыктар менен болгон келишимдин көчүрмөсүн ала алганыбыз жок. Электрондук карта системасы орнотулгандан кийин автогараж ишканасынын кирешесинде кандай өзгөрүүлөр болду деген сурообуз да жоопсуз калды. Кудум интеграция маселесин байкабай калгандай, эл аралык тендерде эмне үчүн чехиялык  “Микроэлектроника” компаниясы тандалды деген сурообузду да көрбөй калышкан сыяктуу. Бийлик өкүлдөрү толук кандуу түшүндүрмө бербегени менен юрист Замир Пусуртегин маселени төмөнкүдөй түшүндүрдү:

«Жүргүнчү электрондук картаны колдонбосо 10 сом, карта колдонсо 6 сом төлөгөнүнүн өзү туура эмес. Мэрия шаардык кеңешке ошол токтом долбоорун сунуштап жатканда аларга эмнелер тиркелди, калькуляция тиркелдиби же жокпу? Эмне үчүн 10 жана 6 сом? 4 сом каяктан келип чыкты? Төрт сом ошол учурдагы туумбу же айып пулбу? Ушул нерселерди токтомдо кантип бекиткенин көрүп чыгыш керек. Эгерде айып пул же туум деп эсептелсе туура эмес. Азыркы учурда иштебей аткан жабдыктар боюнча да текшерүү жүргүзүп чыгыш керек. Тендер болобу же конкрустук тандоолор болобу ошол убакта эксперттик топ түзүлүшү зарыл эле. Алар биздин талаптарга, биздин стандарттарга дал келе турган камсыздоолорду алыш керек эле». 

IT адиси Руслан Абдраев болсо долбоордун бүтүшүнөн күмөн саноодо.

«Валидаторлордун баасын карасак, төртөө арзан болуп атат. Ушул нерсени жасап атканда Кыргызстандын эле адистерин чакырып сураса болмок да. Биз кайдыгер карабай мүмкүн болушунча жардам бермекпиз. Менин оюмча өзүбүздүн өлкөбүздөгү адистер бул нерсени чехиялыктардан жакшыраак жасамак. Анан батыраак бүтүрмөк. Мамлекеттик ишканалардын адаты бар, чет мамлекеттик эле тарта беришет. Бул долбоордун бүтүшү күмөн». 

«Аймактарды пландоо жана өнүктүрүү» фондунун директору Советбек Зикиров да чет элдик компания ара жолдо калтырган ишти ата-мекендик адистер арзан бүтүрмөк дейт. Анын пикиринде Ош мэриясы жергилүүктүү компанияларды ишке тартканда анын эсебин алуу да оңойго турмак.

«700 миңге жакын евро бул чоң акча да. Мындайча айтканда 1 миллион доллардын тегерегиндеги акча болуп атпайбы. Ал эми Ош шаарынын бюжети 12 млндан көп. Ошол акчага биз калаадагы бүт муниципалдык кызматкерлерди кармайбыз. Валидаторлордун баалары бир аз дал келбей атат да. Ошондуктан да күмөндөр көп. Эгерде социалдык аудит жүргүзсөк ушул суроолорго жооп беребиз. Мен тааныган бир компания мектепке элекрондук система орнотуп берген. Мисалы, окуучу мектепке келгенде электрондук карта менен кирет. Балаңыз кайда жүргөнүн бүт көрүп турасыз. Андан башка да татаал системаны ишке ашырган компаниялардын акчасы да 20-50 миң доллардын тегерегинде бүтүргөн». 

Советбек Зикиров айткан 50 мин долларды ошол кездеги курс менен биздин валютага которсок 3 млн 475 миң сом болот. Элестетиңиз, ушул сыяктуу эле кызматка чехиялык компания 57 млн сом жумшап жатат. Дээрлик 20 эсе көп акча. Буюртмачы болгон Ош шаардык мэриясы кыңк этпей, ата-мекендик компанияларды чакырбай, адистерден кенеш албай туруп кабыл алып жатат. Бул башка долбоор, салыштырып болбойт дечүүлөргө биз башка далил келтирели.

Ош шаарында ушул долбоор ишке ашкандан көп өтпөй Бишкек шаары да жүргүнчүлөрдү тейлөөнү электрондоштуруу долбоорун ишке киргизген. Салыштыра турган болсок: Ошто долбоорду чехиялык “Микроэлектроника” компаниясы 57 млн сомго бааласа, Бишкекте швейцариялык ВРС компаниясы 48 млн сомго баалашкан. Ортодогу айырма дээрлик 9 млн сом.

48 млн сомго Бишкекте Борбордук сервер уюштурулуп, 370 валидатор, 300 мин карта жасалган. Шаарда 600 жерге сатуу борбору уюштурулган. Компания баардык чыгашаны өз мойнуна алып, электрондук эсептөө ишке киргенде гана ар бир жол киреден 50 тыйындан алып турмай болгон. Ага 5 жылдык кепилдик берилген.

Ошто болсо 57 млн сомго Борбордук сервер уюштурулуп, 90 валидатор алынып, 30 мин карта алынып жатат. Аны сатуу үчүн болгону үч жерге орнотушкан. Алар лөлү мааладаги Автогараж ишканасынын өзүнүн имаратында, ХБК менен Юго-Востоктогу диспедчердик пункттарындагы гана сатышат. Эки жылдык кепилдик берилген. Каражаттын 70 пайызы насыяга алынган.

Ошентип, 57 млн сом жумшалган долбоор  иштебей турат. Бул акчага эмне жумуштарды аткарса болот эле? 500 орундуу эки кабаттуу мектептин курулушу толук бүтмөк же 100 орундуу эки бала бакча курса болмок. Ушул эле акча 35 айылга ФАП, башкача айтканда дарыгерлер борборун курууга жетет эле. Бийлик өкүлдөрү электрондук картаны толтуруу иши бир айдын ичинде ишке кирет деп убада беришүүдө. Ал ишке ашабы же кезектеги куру убадагы, алдыда байкап турабыз.

Иликтөөнүн видео версиясын төмөндө көрүңүз.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*