
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-декабрь саат 18:22де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан жана Үчбай айылдарында -2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Оставьте первый комментарий