Учурда Токтогул суу сактагычында 10, 721 млрд куб метр суу бар

Бүгүн, 13-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 721 млн куб метрди түзүүдө. 

«Электр станциялары» ишканасынан билдиришкендей, ушул тапта суунун агып келиши секундасына 153 куб метрди, агып чыгышы 476 куб метрге жетүүдө. 

8 -декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 848 млн. м36-декабрда 10 млрд. 897 млн. куб болгон. 

2019-жылдын ушул мезгилинде суу сактагычта 16,1 млрд. куб метр, 2020-жылдын ушул мезгилине чейин 13,5 млрд. куб метр суу бар болчу. Башкача айтканда, 2021-жылдын көрсөткүчү алардан 4-5, же 2-3 миллиардга аздык кылууда.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Мындан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөнү айтылууда.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*