![IMG_1387[1]](https://t-media.kg/wp-content/uploads/2021/11/IMG_13871-678x381.jpg)
БШК кечээ, 13-декабрдагы жыйынында бир мандаттуу 5 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады. Ага ылайык, бир мандаттуу 4 округта шайлоо өттү деп табылды.
Алар:
№ 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча — Тазабек Икрамов;
№14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча -Шаирбек Ташиев ;
№34 Жети-Өгүз бир мандаттуу шайлоо округу боюнча — Арсланбек Малиев ;
№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча — Максатбек Сарбагышев.
№ 29 Биринчи Май округу боюнча шайлоонунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Анткени аталган округда «Баарына каршы» позициясы эң көп добуш алган.
Буга чейин БШК бир мандаттуу 19 шайлоо округунунун жыйынтыгын чыгарган. Эске салсак, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо өткөн. Бул жолу парламентке 90 депутат келет. Алардын 54ү партиялардан, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.
Оставьте первый комментарий