
Бүгүн, 14-декабрда Ысык-Ата районунун Новопакровка айылындагы кафеден өрт чыккан. Тилсиз жоодон 6 чарчы метр кароолчунун бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын кесепетинен бөлмөнүн ичиндеги эки киши каза болгон.
Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, 06:50дө толук өчүрүлгөн.
Учурда келип чыгуу себеби такталууда.
Оставьте первый комментарий