УКМК Кара-Сууда айдоо жерлерди мыйзамсыз саткан дагы бир шектүүнү кармады

Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, И.Г аттуу жаран жеке турак жай куруу үчүн айдоо жерлерди мыйзамсыз саткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү 10-декабрда УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилди.

Мындан тышкары бул ишке тиешеси бар башка адамдын жашаган жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 1000ден ашык жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылган.

Буга чейин Кара-Суунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы, анын шериги жана райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу кармалган болчу. Алар айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкени аныкталган.

Ушул жылдын апрель айында TMG телеканалы Нариман айыл өкмөтүнүн айрым тургундары үлүш жерлердин алдыртып алышканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда тургундардын үлүшү башка адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатылганы аныкталган.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*