
Саясий партиялардын IT адистеринен, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана адистеринен турган жумушчу топ парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланбаганына ынанышты. Аталган топ АСУнун маалыматынын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөткөн кошумча таблицадагы механикалык катанын себептерин карашкан. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыйындын катышуучуларына БШКнын сайты тесттик режимде иштетип көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында IT адистер добуштарды көрсөтүүдө туура эмес программалоодон улам ката кеткенине ынанышкан. Ал эми добуштардын саны жана пайыздык өлчөмү АСУдан автоматтык түрдө алынган маалыматтар менен дал келген. Сырткы таблицадагы каталар добушканалардан түшкөн маалыматтарга таасир эткен эмес.
Жумушчу топко «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Азаттык», «Кыргызстан жашылдар партиясы», партияларынын өкүлдөрү, «Ынтымак», «Социал-демократтар» жана «Ордо» саясий уюмдарынын IT-адистери, «Таза шайлоо» коомдук фондунун өкүлү кирген. Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү, АСУ маалыматтык системасынын программалык камсыздоону жакшыртуу тобунун жетекчиси жана аппарат кызматкерлери кошулган.
Эмне болду эле?
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин алгачкы жыйынтыктар чыга баштаган кезде Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калган. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштар кошкондо 150% ашып кетип жаткан. Ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт, маалымат бербей жабылып калган.
Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны жана пайыздык көрсөткүчтөр кыскарды. Бир катар партиялар муну «көз боёмочулук» деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.
БШКнын түшүндүрмөсү
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын мындайча түшүндүргөн.
«Оң жагында АСУнун эсептөөсү боюнча маалымат кетет, сол жагында — шайлоонун жыйынтыгы ыңгайлуу көрүнүшү үчүн жөн гана таблица турат. Мына ошол таблицабызда кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган. Ошондуктанда ал маалыматтарды негизги таблицадан алып, аны туура эмес көрсөтүп койгон — 2 позицияны кошуп салган, алар кошулбашы керек эле. Ал дароо эле байкалган. Болгону чагылдырып көрсөтүү программасы туура эмес. Негизги системада эч кандай мүчүлүштүктөр жок, системанын баары бекем иштеп жатат. Маалыматтардын эсебин текшерип коюу оңой. УШКларда байкоочулардын баары АСУдагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын алып жатышат, кол санакка чейин. Ар бири сайттагы маалыматтарды салыштырып көрсө болот», — деген ал.
Президенттин билдирүүсү
Партиялардын билдирүүлөрүн утурлай президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондорго кайрылган. «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жайгаштырган билдирүүдө ал партияларды бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырган.
«Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула».
Оставьте первый комментарий