
Талас районундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда (Чат-Базар айылы) 17-декабрь күнү жол кырсыгынан эки адам набыт болду. Экөө тең 14 жаштагы балдар.
Өзгөчө кырдаалдар министлигинин айтымында, Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктан 14 жаштагы эки өспүрүм жабыркаган. Куткаруучулар кыпчылып калган жарандарды чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Тилекке каршы, ооруканага жетпей жолдо үзүлгөн.
Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат. 16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан 10 адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Эки ай мурун Таластагы аварияда тогуз киши набыт болгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны 8 миңден ашты. Ал эми 2010-жылдан бери өлкөдө 74 миңге жакын автокырсык болуп андан 11 миңден ашуун киши каза таап, 109 миңден көп адам ар түрдүү жараат алган. Ушул аралыкта 16 миңден ашык кырсык балдардын катышуусу менен болгон. Бул жалпы кырсыктардын 22,1% түзөт. Андан 1 306 бала мүрт кеткен.
Оставьте первый комментарий