Адвокат: түрк жаранынын тонолушуна байланышкан шектүүлөрдүн бири УКМКда иштеши мүмкүн

Видеодон скриншот

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, 12-декабрда Түркиялык ишкерди аэропорттон тоноого шектеп 4 жаранды кармаган. Алардын бири Бегимай Жоробекованын адвокаты бүгүн Ош шаарында маалымат жыйын курду. 

Адвокат Кутман Медетбековдун айтымында, Жоробековага УКМКда психологиялык кысым болууда. Ошондой эле атайын кызмат бул окуяга шектүүлөрдүн бирин издөөгө албай жатат.

«Мен 13-декабрда жолугуп чыктым. Андан кийин аны СИЗОдон алып чыгып психологиялык кыйноого алышыптыр. Бизге көрсөтпөстөн алып кетишкен. Аны Илгиз аттуу жаранга каршы көрсөтмө бересин деп жатышыптыр. Биз бул боюнча Кыйноолорго каршы күрөшүү борборуна, Прокуратурага кайрылганбыз. Бирок, азырынча эч кандай реакция боло элек», — дейт Медетбеков.

Ошондой эле, ал окуянын кандай болгонуна токтолду. 

«Өзүнүн аты Бегимай Жоробекова. Бирок, кичинесинен Сезимай деп чакырабыз. Ага Ниязалы Махаматкарим уулу аттуу таанышы байланышып жардам сурайт. Ал Сезимайга “Милиция тааныштарыңыз болсо байланыштырып коюңузчу. Түркиядан бир таанышыбыз келип жатат, аны текшерип берүү керек деп кайрылат”. Ал бир нече милиция тааныштары менен байланыштырып койот. Сезимайдын бул окуяга болгон тиешеси ошол эле. Бирок, окуя УКМК тараткандай болгон эмес. Түркиялык жаран аэропорттогу милиция бөлүмүндө тонолгон эмес. Бизде видео далилдер бар. Арыз жазган түркиялык менен Нияз аттуу бала аэропорттон ээрчишипип эле чыгып кеткен. Алар дүкөндөргө кирип, чоогу соода кылып эле жүрүшкөн видео жазуулар да колубузда. Азырынча аларды жарыялай албайбыз. Ал инвестор эмес, Кыргызстанда соода сатык менен алектенген түрк жараны болгон. Ал башка маселеси менен келген. Сезимайга карата арыз жазган эмес. Нияз 2, 3 досу менен биргеликте аэропортто урдады деп жатат. Уурдаганда андай болмок эмес. Экөө кадимкидей ээрчишип жүрүшкөн. Кылмышты жасаган Нияз, өзү күнөөлүү деп турат. Бирок УКМК ага издөө жарыялаган жок. Издөө иштери жүргүзүлө да элек. Анын атайын кызматтын оперлери менен бир эмес, бир нече жерде чоогу түшкөн сүрөттөрү да колубузда. Мындан улам, бул кылмышка аралышып жаткан баланын өзү УКМКда иштебейби деген суроо туулуп жатат. Анткени көрүп эле жүрөбүз, алар менен баары эле сүрөткө түшө бербейт да. Бул жерде Сезимай дагы, милиция кызматкери да аралашкан эмес. Жөн гана жардам берип койолу деген суранычты аткарып, ушул окуяга туш болуп калышкан», — деп кошумчалады Кутман Медетбеков.

Бегимай Жоробекова 9-декабрда кармалып, 2 айга камакка алынган. Учурда адвокаттары анын бөгөт чарасын алып таштоо боюнча сотко кайрылышкан.

Ал эми, адвокат айткан жагдайлар боюнча УКМКнын басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат бере тургандыктарын айтышты.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*