Окумуштуулар коронавирустан коргогон сагыз жасаштыбы? Фактчек

«Окумуштуулар коронавирустан коргогон сагыз жасашты». Бул темадагы материалдар ушул жылдын декабрь айында маалымат булактарында жарыяланды.

Анда Пенсильвания университетинин жана башка бир катар илимий уюмдардын окумуштуулары шилекейдеги коронавирусту зыянсыздандыруучу сагыз ойлоп табышканы айтылган.

Биздин редакция бул маалыматты текшерип көрдү.

www.apta.kg жазган маалыматта «Gazeta.ru» сайтына шилтеме берилет. Ал сайтка университеттин сайтындагы изилдөө боюнча материал булак болотУниверситеттин сайтында, илиздөөчү автор Генри Даниел, «Мындай сагыз вирусту жугузуу ыктымалдыгын азайтат. Сагыз генетикалык технологиялар жана өсүмдүк материалынан турган ACE2 протеининен жасалган. Эксперимент үчүн команда ACE2ни өстүрүп, аны белоктун былжыр челден өтүшүнө мүмкүндүк берүүчү компонент менен бириктирген. Изилдөөнүн жыйынтыгында сагыз дененин клеткаларына вирустун кирүүсүн алдын ала алган. Бейтаптардын шилекейинде вирустун деңгээли кескин төмөндөгөн», — деп айтат.

Учурда илимпоздор алар ойлоп тапкан каражатты натыйжалуу баалоо үчүн клиникалык сыноого уруксат алууну көздөшүп жатканы кошумчаланат.

Мындан сырткары бул изилдөө азыр алгачкы баскычта экени, эгерде клиникалык сыноолор сагыз коопсуз жана эффективдүү экенин далилдесе,  жугузуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу жана маскаларды колдонбоо, коронавирус менен күрөшүүдө кошумча курал катары колдонсо боло турганы белгиленген. Изилдөөдө сагызды алдын алуу үчүн эмес, инфекция жуккан бейтаптарга андан ары жугуу коркунучун азайтуу үчүн гана колдонуу жөнүндө айтылган.

Жыйынтык: далилденген жок. Сагыздын коронавирустан  коргой турганы толук иликтене  элек.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*