Ош: муниципалдык ипотекага кезекке тургандардын дареги текшерилүүдө

Ош мэриясынын ипотекалык үйүн бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн комиссия биринчи тизмедеги жарандардын жашоо-шартын жеринен текшерип жатат. Алар арыз бергендердин көрсөтүлгөн даректе жашай турганы канчалык анык экенин билишмекчи.

Ипотекалык үйдү бөлүштүрүү үчүн мэрия 10 адамдан турган комиссия түзгөн. Алар буга чейин биринчи кезекте алышы керек болгон 144 жарандын арызын караган. Анда 90 жаран тандалып, анын 36сы изделип жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында батирлер документи туура келген, өзүнүн атында турак жайы жок 90 адамга сатылат.

Ош мэриясынын муниципалдык ипотекага салган экинчи үйү 90 батирлүү болуп аяктаган. Ага 2015-жылдан бери 1804 жаран кезекке турду. Арыз бергендердин арасынан үйдү алгач турак-жай кодексинин негизинде  майыптыгы барлар, көп балалуулар жана согуш ардагерлери алат. Ал эми бул категорияларга кирбеген жарандар турак жайларды «кезек боюнча» алышат. Комиссия буга чейин биринчи кезекте алышы керек болгон 144 жарандын арызын караган болчу.

Ош шаардык мэриясы 2010-жылдагы коогалаңда жабыр тарткандарга берилген үйлөрдөн артып калган 400дөй батирди ипотекалык негизде шаардыктарга саткан. Мындан түшкөн акчага ипотекалык ишкана түзүп, ошол акчага үй сала баштаган. Алардын бири «Достук» кичи районунда курулуп бүттү. Көп кабаттуу үйдүн биринчи кабаты поликлиника болот. Ал эми кийинки көп кабаттуу үй Көкүм-Бий көчөсүнө 45 батирлүү болуп курулуп, бүтүү алдында турат.

Ош – муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашырып жаткан Кыргызстандагы жалгыз шаар.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1235 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*