УКМК: Аскар Акаевге жаңы айыптар коюлду

Аскар Акаев. Сүрөт: Руслан Кривобок

«Кумтөр иши» боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланууда жана аталган иш боюнча жаңы айыптар тагылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан «Т-Медиага» билдиришти.

«Акаевге коюлган бардык айыптарды алып салуу боюнча айрым адамдардын такталбаган билдирүүлөрүнө байланыштуу, УКМК бул кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу коомчулукка объективдүү маалыматтарды жеткирүүнү туура деп эсептейт. Жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайлап адаштыруу болуп саналат. Мындан улам УКМК «Кумтөр иши» боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын коомчулукка маалымдайт»,-деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары УКМК Аскар Акаевге 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылганын кабарлады.

«Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт. Ошол эле учурда кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталууда, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет» -деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Акаевдин келиши жана кетиши

Аскар Акаев 14-декабрда «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген. 20-декабрда кайра Москвага учуп кеткен Акаев быйыл 2-августта 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Экс-президент орусиялык «Московский комсомолец» басылмасына берген маегинде, ага карата «куугунтук токтотулганын», «бардык иштер жабылганын» билдирди.

«Эми мага карата эч кандай доо жок, бардык иштер жабылды. Кыргызстандын ар бир жараны сыяктуу каалаган убакта ээн-эркин кирип чыга алам», — деди ал.

Акаевдин айтымында, «Кумтөр иши» боюнча сурак берүүгө президент Садыр Жапаровдун телефон чалуусунан кийин макул болгон. Ошол эле кезде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун макулдашуусунан кийин гана Кыргызстанга барганын айтат.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди «сатып алганын» далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*