Жапаров 6-чакырылышты «Легендарлуу жана эмгекчил парламент» деп атады

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын иши жыйынтыкталды. Ага байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайрылуу жасап, 6-чакырылыш «тарыхый парламент» аталганын билдирди.  

Жапаров аткарылган иштер үчүн депутаттарга президенттин, Министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди. Ал алтынчы чакырылыш тышкы карызды албоого, гранттык үлүшү 50%га чейин турган эл аралык келишимдерди ратификациялоого аракет жасаган дейт. Ошол эле учурда мөөнөтү бүтүп кетип жаткан парламенттин ишинде бир топ кемчиликтер дагы кеткенин, бирок дүйнө тарыхында бир дагы парламент бардыгына жакпай турганын кошумчалады.

«Урматтуу менин асыл кесиптештерим, сиздер менен акыркы эки айга чейин алты жыл бирге ушул залда ысыгына күйүп, суугуна тоңуп иштедик. Президенттин, Министрлер кабинетинин атынан сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Урматтуу президент Садыр Нургожоевич «ЖКнын 6-чакырылышы тарыхый парламент болду» деген жогорку баасын берген. Мен да ошол сөзгө толук кошулам жана кубаттайм. 6-чакырылыш бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүгө өбөлгө болду. Алынган тышкы карыздын натыйжасыздыгы, коңшу өлкөлөр арасындагы чечилбеген таарынычтар, Дача СУ авиакырсыгы, Бишкек ЖЭБиндеги, Тарых музейинин айланасындагы, Кумтөр боюнча чуулгандуу маселелерди ушул чакырылыш талдап, ушул чакырылыш жыйынтык чыгарды», — деди Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы 2015-жылы күзүндө шайланып, КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» фракцияларынан куралган. Мыйзам боюнча парламент депутаттары беш жылга шайланат. Бирок былтыр 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Таза шайлоо болбогонуна нааразы болгон партиялар 5-октябрда митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктарын бир жылга узарткан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл 28-ноябрда өттү. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кенештин жаңы 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 36 мандат бир мандаттуу округдардан ат салышкан депутаттарга, ал эми 54 мандат партиялардан катышкандарга тиет.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*