Арыктоо сиздин ден-соолугуңуз үчүн зарылбы?
Ашыкча салмак бул - оору!
Чынарбек (аты жөнү өзгөртүлдү) Орусияда такси кызматында иштеп жатканына 2 жыл болду. Жумушта күнүнө 12-14 саатка чейин болот. Такси кызматында айрым учурда эле жүргүнчүнүн багажын көтөргөнү болбосо башка учурларда кыймыл дээрлик жокко эсе. Мунун айынан ашыкча салмак кошуп, бир канча ыңгайсыздыктарга кабылып жатканын айтат.
Дарыгерлердин айтымында семирүү дене майынын көп пайда болушунун натыйжасы. Ашыкча салмактан улам жүрөк оорулары жана инсульт, кант диабети, остартрит, кээ бир рак оорулары келип чыгат.
Марина Дуйшенкулова
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун нутрициологу
"Ашыкча салмак кошуу жаш өзгөчөлүккө да байланыштуу. Көбүнесе жашы 25-30 дан ашкан аял же эркек болбосун бул кубулушка дуушар болушат. Ашыкча салмак органдардын кошумча жүктөм менен иштөөсүнө алып келет жана организм кыйналат. Ал халестерин, гипертония, кан-тамыр оорулары, атеросклероз, жүрөк оорулары, эң коркунучтуусу инсутльт, инфаркт ооруларын пайда кылат. Кант-диабет оорулары да ашыкча салмак алып, көп калориядагы тамактардын айынан келип чыгат"
Кыргызстанда улуу муундагы адамдар арасында ашыкча салмак олуттуу көйгөй болуп келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматында айрыкча 30 жана андан жогору жаштагы эркектер семирүүдөн запкы жейт. Бириккен улуттар уюму 2018-жылдагы изилдөөсүндө жакынкы жылдары дүйнөдө ачкачылыктан жабыркагандарга караганда ашыкча салмактын запкысынан ооругандар көбөйөөрүн билдирген.
Ал эми балдар арасындагы ашыкча салмактуулук майып болуу ыктымалдыгын жана эрте өлүмдүн себептерин жогорулатат.

Жалал-Абаддын Аксы районунун тургуну Калыбек (аты өзгөртүлдү) кичинесинен ашыкча салмактан жабыркаган. Ал 15 жашында боюу 150 см болгону менен салмагы 65 киллограммга жеткен. Калыбек деми кыстыгып, чуркоодо гана эмес узак басуудан да кыйналганын айтат. Ал 16 жашында врачтардын "жүрөк оорусу пайда болушу мүмкүн" деген эскертүүсүнөн кийин арыктай баштаган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында семиз балдар дем алуусу начарлап, сыныктарга, гипертонияга жакын болушат. Аларда жүрөк-кан тамыр ооруларынын белгилери эрте байкалып, психологиялык көйгөйлөргө да дуушар болушу мүмкүн. 2012-жылы Кыргызстанда оорудан каза болгон жарандардын эң көбү, пайда болушуна ашыкча салмак таасир берген инсульттан көз жумган.
Улутстатком 2020-жылы Кыргызстанда жалпы аялдардын 13,7%ы, эркектердин 8,7%ы ашыкча салмакка ээ экенин билдирген. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму быйыл 2016-жылы жер жүзүндө 650 миллиондон көп адам ашыкча салмактан кыйналганын маалымдаган.

Адамдын салмагы нормага ылайык келиши боюнун узундугуна карап ченелет. Өзүңүздүн салмагыңыз ашыкча же аз эмеспи төмөндө эсептегичтен санап көрсөңүз болот.

Мисалы боюнун узундугу 160 см болгон адам 20-29 жашта болсо салмагы 59-62, 30-39 жашта болсо 69-65 киллограмм болушу керек.
Ашыкча салмактын себеби
Нутрициолог Марина Дүйшөнкулованын айтымында семирүүнүн жана ашыкча салмактын негизги себеби кыймылдын азайышы жана туура-эмес тамактануу. Саламаттыкты сактоо министрлиги дүйнө жүзү боюнча семирүүгө жогорку майлуулук, көп жана туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн азайышы таасир этээрин билдирип келет.
Анара Акылбекова учурда туура тамактануу боюнча косультант. Буга чейин өзү да туура тамактануу жолу менен арыктаган. Эми өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңешин берүүдө. Сергек жашоо образы аны бир топ өзгөрткөн.
Анара Акылбекова
консультант
"Өзүм бир канча тренингтерге катыштым. Ютубту ачып арыктоо боюнча видеолорду көрө баштадым. Анын натыйжасында биз туура эмес жашоо образында жүргөнүбүздү түшүндүм. Кийин катуу бел байлап, киришип аз убакытта эле жыйынтык көрсөтө алдым".
Ген семирүүгө таасир этеби?
Кыргызстандагы семиздиктен жабыркаган жарандар, бул көрүнүштү ата тегинин толмоч болгондугу менен байланыштыргандар бар. Туура тамактануу боюнча консультант Анара Акылбекованын айтымында ашыкча салмакты кошуп алууга ата-эненин семиз же арык болгону таасир этпейт.
"Менин ата-энем семиз болгон, бул генде бар деп өзүн карабай койбош керек. Ата-энем арык менда семирбейм деп да адам өзүн алдабашы керек. Мен консультант катары айтат элем, ата-энеси арык болуп өздөрү толуп кеткендер бизге көп кайрылган. Ошол себептен биз өзүбүзгө туура кам көрүүнү үйрөнүшүбүз керек"
Семирүү бул - оору!
Анын айтымында айрымдар дары дармек менен арыктоого аракет кылып ден соолугун жабыркатып алышат. Ошол эле учурда спорт, туура тамактанууда да эрежелер сакталбаса жардам бербейт.
"Дары менен, туура тамактанып, спорт аркылуу жана стресске түшүп арыктагандар бар. Ашыкча салмак стресс же жашоонун жакшысынан пайда болбойт. Бул оору. Семирүү ички органдардын ооруларынын пайда болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Эгер сизди аш казан оорулары кыйнаса, өт кыйнаса, уйкуңуз бузулса да туура эмес тамактангандын себеби".
Акылбекованын кеңеши менен салмак таштагандардын бири Кундуз Исхакова. Ал күнүнө сууну туура көөлөмдө ичип, ага кошо керектүү убакыт кыймылда болуп жатып 7 айда 45 киллограмм салмак таштаган.
Кундуз Исхакова
"Жашым 50 гө барып калды. Быйыл туура тамактануу боюнча кеңеш алып, арыктай баштагам. Чынында ишенген эмесмин. Өзүм деле кыймылда болом, аз эле тамак ичем деп ойлочумун. Көрсө биз такыр эрежелерди сактабай, организмди кыйнайт экенбиз. Мен 7 ай ичинде 45 кг таштадым. Буга чейин тамак-ашка деле көңүл бурчу эмесмин".
Кантип арыктаса болот?
Нутрициологдон кеңеш: Таң эрте көбүрөөк таза абада басуу керек. Кыш, күз, жаз, жай мезгилдеринде кар, жамгыр жааса да бул көнүгүүнү жасашыңыз керек. Көп басуу сиз жеген калорияны жок кылат. Кандай жумуш кылсаңыз да эртең менен жок дегенде 40 мүнөттүк кыймыл керек. Сууну да туура ичүү абзел. Анын ар бир саатта өлчөмү бар.
Бир күндө эки литр суу ичиңиз
Таң эрте
400 мл (тамактанаардан мурун)
Шамшуң учурунда
400 мл (тамактанаардан мурун)
Түшкү тамактануу
400 мл (тамактанаардан мурун)
16:00дөгү шамшуң
400 мл (тамактанаардан мурун)
Кечки тамактанууда
400 мл (тамактанаардан мурун)
Сууну да, кечки тамакты да саат 19:00гө чейин гана ичүү керек. Түштө ысык тамак, андан кийин жемиш же жеңил тамак ичкен жакшы.
Фитнес менен арыктоодо абайлоо керек
Фитнес машыктыруучудан кеңеш: Ош шаарындагы фитнес машыктыруучу Сүйүнбек Тажиковдун айтымында спорт менен арыктагандар көп. Бирок бул жол менен салмак таштоонун да өзүнүн эрежелери бар. Мисалы, көп салмак топтоп алган жарандарга тездикти талап кылган көнүгүүлөрдү жасоо сунушталбайт.
Сүйүнбек Тажиков
фитнес тренер
"Фитнес- бул жай иштеген көнүгүүлөр. Ал эми кроссфит тез жана ыкчам жасалуучу көнүгүүлөр. Экөөндө тең арыктоо мүмкүн. Бирок айырмасы бар. Мисалы: Көп салмак топтоп алган жарандарга кроссфит сунушталбайт. Себеби, көнүгүүлөр тездикти талап кылгандыктан оор салмактуулар кыйналып калышы мүмкүн. Алар үчүн фитнес сунуштайбыз. Көп убакытта, жай жана эффективдүү ашыкча салмактан арылса болот. Учурда атайын стандарттар бар. Адамдын бою жана салмагы тең болгону жакшы. Эгерде боюнан салмагы ашып баратса ал адам ашыкча салмакты кошуп жаткан болот".
Кыргызстанда көпчүлүк жарандар ашыкча салмактын көбөйүүсүнө маани бербейт. Бирок бул айыккыс дарттарды пайда кылышы мүмкүн. Биз адистерден кеңеш алып, сергек жашоо образы менен ден-соолукка зыян алып келген адаттарды салыштырып көргөнбүз. Төмөндөгү ссылканы басып таанышыңыз.
https://prezi.com/i/ymytvlebd_jj/presentation/
Автор:
Улукбек Сали уулу
Наргиза Анарбай кызы