COVID-19дун жаңы 39 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Бүгүн, 24-декабрга карата өлкөдө коронавирусту дагы 39 киши жуктуруп алды. Ошол эле учурда 55 адам айыгып, эмдөөдөн өтпөгөн эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек — 23;

Ош шаары — 1;

Чүй облусу – 3;

Ош облусу – 4;

Ысык-Көл облусу – 5;

Жалал-Абад облусу – 3.

Жалпы жуктургандардын саны пандемия башталгандан бери 184 395. Анын ичинен айыккандар 179 497. Курмандыктар 2790.

Учурда ооруканада 287 жана амбулатордук түрдө 337 адам дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*