Түрмөдөн кийинки өмүр
Кыргызстанда он миңге чукул жаран түрмөдө отурат. Алар соттолгондор, тергөө абагында отурган жана жатак абакта мөөнөтүн өтөп жаткандар.
Абактан чыккандар коомго кайрадан кошулуп, жашоосун улантууда бир топ кыйынчылыкка тушугат. Айрымдары кайра кылмыш жасап, темир тор артына барышат. Мындай көрүнүштөр кайталанбас үчүн абактан чыккан жаранга психологиялык жардам керек.
Кыял (аты өзгөртүлдү) адам өлтүрүү фактысы менен 2012-жылы 14 жылга соттолгон. Ал 9 жылдан кийин жакшы жүрүм-туруму үчүн абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылып, пробациянын тизмесине алынган. Темир тордон чыккандан кийин туугандарынын мамилеси өзгөрбөгөнү менен кыйынчылыктар болгонун айтат.
Эркиндике чыкканыма 5 айдын жүзү болду. Коңшуларым, айылдагылар менен жакшы мамиледемин. Бирок түрдүү адамдар болот экен. Кээ бирлери сен жөнүндө жаман ойдо болушат. Албетте кыйынчылыктар болду. Бирок мен жакшы жашоого умтулуп жатам.
Кыял
Соттолгон адам берилген мөөнөтүнүн кандайдыр бир бөлүгүн отургандан кийин жүрүм-туруму жакшы болуп, ички тартипти бузбаса жаза аткаруу мөөнөтү кыскартылат. Бирок түрмөдөгүлөрдүн баарынын эле мөөнөтү кыскара бербейт. Мисалы, оор кылмыш кылгандар берилген мөөнөтүн толук өтөшү керек.
Түрмөдөгү адамдарга соттолгон беренесине ылайык жеңилдик каралат. Мисалы, бир жаран 5 жылга эркинен ажыратылып, үчтөн бир бөлүгүн өтөгөн соң, мөөнөтүнөн мурда жүрүм-турумуна карап жатак абакка же пробацияга которулат. 3 жыл абакта болсо, 2 жылын коомго аралашып өткөрөт. Коомго өтө зыян эмес, коркунучу жок темир тор артындагыларга жаза жеңилдейт.

Эленора Сабатарова
Жаза аткаруу кызматынын коомчулук менен байланышуу секторунун башкы адиси
Пробация деген эмне?
Пробация – бул, түрмөдөн соттун чечими менен жиберилген жаранга түрдүү жардам көрсөтүп, укук бузууларды жасоосун алдын алууга багытталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Кыргызстанда 2019-жылдан бери пробациянын төрт түрү иштейт. Учурда өлкөдө 10 миңден ашуун адам пробациянын тизмесинде турат. Республикада жалпы 54 бөлүмү бар.
Карта Пробация департаментинин сайтынан алынды
Сотко чейинки пробацияда күнөөлүү деп шектелген адамга соттун талабы менен "пробациялык баяндама" даярдалат. Башкача айтканда, анын статусу, үй-бүлөсү, билими, жашаган, иштеген, окуган жери, ишинин түрү, ден соолугунун абалы, адаттары, турак жайы, социалдык абалы, алкогол-баңги заттарга көз карандылыгы жана психологиясы жөнүндө маалымат чогултулат. Айыпталуучу тууралуу маалымат жакшы болсо, сот анын жазасын абактан сырткары өтөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Аткаруу пробациясы – бул пробациянын тизмесине алынгандардын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүп, ишке орношууга, билим алууга, психологиялык, юридикалык, медициналык жардам көрсөтөт.

Пенитенциардык пробацияда – абактагы адамдарды мөөнөтүнөн мурда бошотууга даярдашат. Мында жоголгон документтерди калыбына келтирип, жөлөк пул жана пенсия алууга, ишке орноштуруу үчүн кесиптик даярдоого барууга, турак жай издөөгө, медициналык мекемелер менен байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүлөт.

Пенитециардан кийинки пробация - соттолгон адам мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыкканда пробациялык көзөмөлдө болот. Аны туруктуу иш менен камсыз кылуу, кесиптик билим алуусуна, жашаган жери боюнча каттоого туруу үчүн зарыл болгон документтерди алуусуна жана медициналык, социалдык кызматтарды алууга, пенсиялык камсыздоого көмөк көрсөтүлөт. Абактан чыккан жаран жашаган жерине акысыз жеткирилип, тамак-аш же акча, зарыл кийим менен камсыз кылынат.

Пробация органынын кызматкерлери бул мекеменин өлкө үчүн мааниси чоң экенин айтышат. Анткени камактан чыккан жарандарды коомго кошуп, жашоосун жакшыртууга салымы зор.

Руслан Романов
Пробация департаментинин эсеп жана мониторинг башкармалыгынын жетекчиси

Сот бизге абактан мөөнөтүнөн мурда чыккан же жеңил күнөө жасагандарды жиберет. Буга чейин жеңил күнөө жасагандар, 5 жылга чейин соттолгондорду абакка жибербей, коомдон алыстатпай, түз жолго салууга көмөктөшчүбүз. Бул мамлекеттин казынасына да өз пайдасын тийгизет. Пробация эл аралык тажрыйбадан да өткөн. Мисалы, түрмөдөгүлөр үчүн тосмолор, имараттар курулуп, кызматкерлер алынышы керек. Тамак ашын эсептегенде да бир топ чыгым болот. 2021-жылы мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, оор кылмыш кылгандар же он жылга чейин эркинен ажыратылгандар да пробацияга тизмеге алынат. Бул мыйзам 1-декабрдан тарта иштей баштады. Бирок беренеге ылайык өтө оор кылмыш жасаган адам жазасын түрмөдө гана өтөйт.

Пробация соттолгон адамды оңдоо процесси катары жана кайра кылмыш жасоону алдын алууда эл аралык ийгиликтүү тажрыйба катары колдонулуп келет. Бул программа Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азияда жана Кавказда иштейт. Дүйнө жүзү боюнча абакта кармоонун жыштыгын азайтуу үчүн жана соттолгондордун коомго аралашуусуна көмөктөшүүчү манилүү программа. Пробация системасын Грузиядан келген атайын эксперт окутат.
«Пробация мени жашоого үмүттөндүрдү»
Нурзат (аты өзгөртүлдү) 2015-жылы тууганынын суранычы менен баштыгын (сумкасын) үйүнө коюп турганын айтат. 3 ай өткөн соң үйүнө күч түзүмдөрү бастырып кирип, баштыктан баңги зат тапкан. Нурзат корконунан качып кеткен.
Сумканы тууганым бергендиктен эч кандай күмөн ой болгон эмес. Аманат деп ичин ачып караган эмесмин. Оперлер үйгө кирген күнү мен жок элем. Наркотик бар экенин угуп, нес абалда болуп калдым. 9 ай качып жүрүп кайра өзүм келдим. Ошентип 13 жылга соттолдум.

Бишкекте зонада 3 жыл 3 ай отурдум. 2 жолу мөөнөтүм кыскартылды. Биринчисинде 3 жыл 2 айды алса, экинчисинде 1 жыл 7 айга кыскартылды. Кийин абактан чыгып, пробацияга тизмеге алындым.

Зонадан биринчи чыкканда өтө кыйын болду. Бирөө келип деле оор сөз айтпады. Элге кошула албай, өзүңдү өзүң көп нерседен тартып калат экенсиң. Абактан чыкканда кайда барсам да адамдардан чочуп жаттым.

Пробацияга ай сайын 2 ирет келип турам. Бул жердеги кызматкерлер жакшы мамиле кылып, психологиялык жактан да жардам берди. Жашоого умтулуу пайда болду. Бара-бара элге кошулуп, жашагым келип, ички дүйнөм өзгөрдү. Бул жакта соттун өкүмүндөгү мөөнөтүм бүткөнгө чейин каттоодо турам.


Нурзат

Дүйнөдө айрым белгилүү адамдар да түрмөдө отурушкан. Алар темир тордон чыккандан кийин ийгилик жаратып, коомчулукка белгилүү болгон. Мисалы, Кубалык Фидель Кастро 1953-жылы козголоңчу деп кармалып 15 жылга кесилген. 1955-жылы ага коомдук пикирдин алдында ырайым берилген. Кастро Кубада 1959 – жылы өкмөт башчысы болуп, 2008-жылга чейин өлкөнү башкарып турган. Нельсон Мандела да Түштүк Африка Республикасынын президенти болгонго чейин 27 жыл абакта отурган. Садыр Жапаров да Кыргызстандын президенти болгонго чейин 5 жыл түрмөдө жаткан.
Автор
Болот кызы Зыягүл
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.