Ош мэриясы 50 миң сомго кийим жуудурдубу? Текшеребиз

13-июлда Ош шаардык мэриясынын маданият башкармалыгы сахна костюмдарын колдо жуудуруу үчүн тендер жарыялап, ага 50 миң сом коротмокчу болгон. 

  1. «Спец сервис»  —  41 миң сом;
  2. «Ариет ЛТД»  —  45 миң сом;
  3.  Абдимиталип кызы Айсалкын— 44 миң сом;
  4. «Сапат Тез» — 48 миң сом.

Жыйынтыгында орточо сумма сунуштаган жеке ишкер Айсалкын Абдимиталип кызы 44 миң сомго утуп алган. 

 

Абдимиталип кызы тууралуу ачык булактардан маалымат табылган жок. Бирок анткен менен Мамлекеттик сатып алуулар порталынан ал Ош мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгы жана Маданият башкармалыгы жарыялаган тендерлерди да утуп жүргөнүн көрүүгө болот. Ишкер жакында эле Ноокат районунда майыптар күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чаранын тендерин да жеңген. Салык кызматынын базасынан Айсалкын Абдимиталип кызын табууга мүмкүн болгон жок.  

Ош мэриясы эмне дейт?

Маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов тендерде көрсөтүлгөн суммага 400дөн ашык сахна кийимдери жуулганын «Т-Медиага» билдирди.  

«Майрамдык иш-чараларда кийилүүчү бардык кийимдерди жуудурдук. Болжолдуу 400-500гө жакын форманы тазалаттык. Анын ичинен колдо жуудура тургандары бар, химичистикага берилгендери болду».

Ал эми Абдимиталип кызынын айтымында, ошол акчага «Чоролор» деген аталыштагы 200 даана гана костюм жуулган.  

Ош мэриясынын күмөн жараткан тендерлери

Ош шаардык мэриясы кайсы майрам болбосун шаан-шөкөт менен өткөрүп, ага жүз миңдеген акчаларды коротот. Ошол эле учурда мэрия жарыялаган тендерлерде шек жараткан учурлар да бар. Буга чейин биздин редакция мэрия жарыялаган бир кызыктай тендерди аныктап чыккан. Ушул жылдын 4-июнунда Жаштардын инновациялык борбору ачылышына кофе-брейк уюштуруу үчүн 312 миң сомго сынак жарыялаган. Жыйынтыгында эң төмөнкү кызмат акы сунуштаган «Эр-Ас-компани» фирмасы жеңүүчү аталган. Бул сумманын 100 миң сому боорсок сатып алууга жумшалмак болгон. Мэрия кофе-брейк үчүн ири сумма бөлүнбөгөнүн айтып, тендерде көрсөтүлгөн сумманы техникалык ката деп атаган. 

Мындан тышкары мэрия жыл сайын балаты майрамына миллиондогон суммаларды коротот. Былтыркы жылы Жаңы жыл майрамын салтанаттуу өткөрүп ага 1 миллиондон ашык каражат сарптаган — балатыны жасалгалоо үчүн эле дээрлик 700 миң сом акча коротушкан

Ал эми быйыл майрамды белгилөө үчүн 3 млн 243 миң 510 сом коротту. Ошондой эле эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө үчүн калаа бийлиги 1 млн 989 миң сом жумшаган. Аталган каражатка бордордук аянтка баннер илинип, сахна жасалгаланган.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*