Импорт менен толтурулат. Кыргызстанда былтыр 87%га аз бензин өндүрүлгөн

Былтыр Кыргызстанда 13 миң тонна бензин өндүрүлүп, 2019-жылга караганда 87%га аз болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Ал эми анын импортту 14%га көп болгон. Былтыр 58 миң тонна дизелдик күйүүчү май өндүрүлсө, 533 миң тонна импорттолгон.

Ошондой эле, 84 миң тонна күйүүчү мазут өндүрүлдү. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 27%га аз. Ал эми, күйүүчү мазуттун импорттук келип түшүүлөрү 2019-жылга салыштырмалуу 31%га көбөйдү. Мунай заттарына болгон суроо-талап негизинен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурулат.

 

Былтыр өлкөнүн ички рыногунда отун-энергетикалык ресурстардын (ОЭР) жалпы көлөмүнөн 13,1 млн. тонна шарттуу отун сарпталган.

Ал эми, көмүр өндүрүүнүн көлөмү 2,7 миллион тоннаны түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 3%га көп.

Авиациялык керосинге болгон республиканын муктаждыгы толугу менен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен канааттандырылат.

Жаратылыш газынын ресурстарынын 88%ы Россиядан келген импорттун эсебинен камсыздалды. Ал эми, электр энергия өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 2%га көбөйдү.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 579 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо