Алты киши кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди

Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн сегиз талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. 

№ 29 Свердлов округу:

  • Жаныбек Асанбеков;
  • Назгүл Жолдошева;
  • Гуля Алманбетова

№ 27 Биринчи май округу:

  • Шадыкан Жакыпбекова;
  • Нурбек Токтакунов;
  • Элвира Сурабалдиева;
  • Анвар Сартаев;
  • Нурбек Токтакунов.

Аталган округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалагандар 2022-жылдын 27-январга чейин арыз берүүгө тийиш. Каттоо үчүн документтерди Боршайкомго 2022-жылдын 30-январына чейин тапшыруу керек.

28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо аталган эки райондон талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү «баарына каршы» деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы биринчи жыйынын өткөрдү. Парламенттин спикерлигине «Ынтымак» партиясынын тизмеси менен келген депутат Талант Мамытовду шайлашты.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо